Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда маркумду акыркы сапарга узатууда аза күткөн үйдө 3 күн мал союп, ысык тамак берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта: мындай чечим 24-декабрда Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын борбордук мечитинде маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча ысырапкорчулук менен  күрөшүү боюнча жыйында чыкканы айтылат.

Жыйынга аталган райондун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбекев, хатибият кызматкерлери, мечит имамдары жана жергиликтүү айыл тургундары катышкан. Жыйын жүрүшүндө аза күткөн үйдө 3 күн мал союп, ысык тамак берүүгө тыюу салуу, ал эми кошуналары тарабынан чогулган каражатка узак жолдон келген меймандар үчүн гана сый тамак берүүгө уруксат берүү жагы каралды.

Белгилей кетсек, Даарот-Коргон айылында кечээ алгачкы жолу маркумду акыркы сапарга узатуу жогорудагы тартиптин негизинде жүзөгө ашырылганы маалым болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here