Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында бүгүн 25-декабрда баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралды.

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн мэрия сунуштаган жерге макул болбогону маалым болду. Буга чейин мэрия Футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунушталган.

Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуев бул боюнча буларды айтты:

— Эл аралык футбол федерациясынын талабына ылайык бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгач токойчосуна футбол академиясын куруу туура эмес болот. Анткени бул парк шаарга керек жер. Ак-Өргө конушунан сунушталып жаткан жер тилкеси беш гектар гана. 11-кичи райондогу жерге футбол талаасын курууга мүмкүн эмес. Футбол академиясы үчүн 8 же 10 гектар керек. Эгер маселе 31-декабрга чейин чечилбесе ФИФА бул грантты башка мамлекеттерге берет.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын өкүлү Эл аралык футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн гранттык негизде каражат бөлүнөрүн билдирген.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here