Автокырсык Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 25-декабрда болжол менен эртең мененки 8:15терде болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы кабарлады.

КККББнын маалыматына ылайык, №164 маршрутканын 41 жаштагы айдоочусу Байтик баатыр көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, унаасын башкара албай калып, жол четинде турган аялды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында болжол менен 40-50 жаштагы аял алган жараатынан эсине келбей жан берген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чогултулган материалдар Бишкек ШИИБдин кырсыктар боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here