Өзгөн районунда 70 жаштагы аялга өзүнүн небереси бычак сайып, качып кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

12-декабрда болжол менен саат 10:33 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1949-жылы туулган М.А. (аял киши) учтуу буюмдан денесинен жаракат алганын билдиришкен. Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу текшерүү иштерин жүргүзүп, 12-декабрда болжол менен саат 10:00 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жашаган 1997-жылы туулган Ж. уулу Э. өзүнүн чоң энеси М.А.ны ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги аныкталган.

Жабырлануучуга операция жасалган, учурда абалы жакшы. Ал эми шектүү изделүүдө..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here