Дүйнө элинин сүйүктүү киноактёру Жеки Чан жаңы тасманы тартуу учурунда аз жерден каза болуп кала жаздаганын Кытай басылмалары байма-бай жазып чыгышты.

Мындай коопту абал «Авангард» фильмин тартуу учурунда жаралган. Ал гидроцикл менен картинаны тарытп жатканда асканын түбүнө тузакка түшүп калып, ал жерден чыга албай жатып, бир убакта чөгүп кете жаздаган. Бирок мышыктай шамдагай Жеки Чан өзүн кармап, сүзүп кетүүгө күч үрөгөн. Андан ары ага кино тартуучу топтогулар жардам берип суудан чыгарып алышкан.

Киийн актёр бул жагымсыз окуяны мындайча эскерген:

-Душка жуунуп жатканда сууга чөгүп кете жаздаганымды эстеп, чындыгында коркуп, денем калтырап кетти. Ушинтип бат эле өлүп калса болот турбайбы деген ой келди.

Маалым болгондой учурда 65 жаштагы Жеки Чан 1970-жылдардын башында легендарлуу Броюс Ли менен тасмага тарылып баштаган. Андан бери ал тартылган тасмалардынс аны 110дон ашты. Ал кинодогу трюктардын дээрлик көбүн өзү жасагандыктан, көп жолу катуу жаракат алган. Айрым учурларда өмүрүнө өтө эле кооптуу абалдар жаралган. Анын сөөктөрүндө сынган жерлери 100дөн ашаары айтылып келет.

«Авангард» тасмасы актёрдун жаӊы тасмасы. Ал Кытайдын кинотеатрларында 2020-жылы январдын аягында көрсөтүлүп баштайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here