Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков кичи мекени Жумгалага узак жылдардан бери ар кандай багытта чоӊ жардамдарды көрсөтүп келатканы жалпы коомчулукка жакшы маалым. Жардам берип эле тим калбастан, райондо мыкты иштегендерге да дем берип, шыктандарып келет. Бул жагынан алып айтсак, ал 23-декабрда кичи мекени Жумгал районуна барып шайлоочулар менен жолугушту. Ал былтыркыдай эле быйыл дагы райондо мыкты делген 7 жетекчиге Египетке 10 күндүк жолдомо ыйгарды. Эске сала кетсек, өткөн жылы Абтандил мырза өз эсебинен жыл ичинде мыкты көрсөткүч көрсөткөн 4 мектептин директоруна, 1 айыл өкмөткө жана 1 айылдык кеңештин төрагасын Египетке 10 күн эс алдырган.

Быйыл депутаттын эсебинен: «Лама» орто мектебинин директору Нурлан Карыбек уулу, Жумгал райондук «№24 жол тейлөө» ишканасынын жетекчиси Зарылбек Моношев, «Чаек» айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов, «Чоң Дөбө» айыл өкмөтүнүн башчысы Аскер Ширинбек уулу, «Баш-Кууганды» айылдык бала бакчасынын башчысы Самарбүбү Биймурзаева, «Кызыл Жылдыз» айылдык бала бакчасынын башчысы Дүржан Өмүрзакова жана «Чоң Дөбө» айылдык бала бакчасынын башчысы Гүлбайра Огонбаевалар эс ала турган болушту.

Депутат бул иш чарадан тышкары, Жумгалдын бир катар айылындагы курулуштар ж.б. көйгөлөр менен таанышып. жеринен кабар алып келди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here