Өткөн жылы февралда Бишкек мэриясынын Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жеке турак жай деген негиз менен 4 кабаттуу мейманкананы пайдаланууга уруксат бергенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы маалымдады. Азырынча ал мейманкананын аты айтылган жок.

Ал мейманканада 21 номер, 23 санузел жана чоң үч зал болгон. Ошондой эле бир курулуш болгонуна карабай башка-башка курулду деген документ менен жалпы аянты 533 чарчы метр болгон дүкөн дагы эксплуатацияга берилген.

Ал имараттарга документтер жеңилдетилген түрдө алынган. Алар жалпы аянты 300 чарчы метр болгон эки кабаттуу турак жайларды курууда, ошондой эле аянты 100 чарчы метрге чейин айыл чарба багытындагы объектилерге берилет. Калган курулуштарга уруксат берүүчү документтер талап кылынат.

Башкы прокуратура коммерциялык багыттагы имараттардын жеке турак-жай деген документтер менен эксплуатацияга алынышы мыйзамды одоно бузгандык деп айтышты.

16-декабрда Бишкек прокуратурасы аталган материалдарды Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.  Бул кылмыш иши Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here