УКМКнын имаратында өтүп жаткан соттук отурумдан айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгып кеткенин анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, алар соттук отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчүн келтиришкен. Буга УКМКнын бөлмөсүнө катышуучулар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышканы себеп болду. Мындан кийин адвокаттар сотту Атамбаевсиз өткөрүүнү сунуш кылышкан. Сот өтүнүчтөрдү четке каккан.

Натыйжада мурдагы президент жараян учурунда ордунан туруп, чыгып кетти. Сот тыныгуу жарыялады. Түштөн кийин соттук иш уланары айтылды

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here