Кыргыз өкмөтү 50 памирлик кыргызды үй-бүлөсү менен Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүп келди. Алар мындан ары ушул айылда туруктуу жашашат.

Азырынча памирлик кыргыздар эски мектептин имаратына жайгашышты. Мектептин ичи капиталдык ремонттон өтүп, меш коюлуп жашоого ылайыкташтырылган. Учурда аларды азык-түлүк менен жергиликтүү бийлик камсыздап жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here