2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Шамшиев катуу оорудан кийин жарык дүйнө менен кош айтышты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 24-декабрда, саат 10.00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын, жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтуна тапшырган. Ал студент кезинде эле кинорежиссер Н. Шепитконун «Аптап» тасмасында башкы ролду аткарып, Чыңгыз Айтматовдун «Ботогөз булак» повестинин негизинде кино тартып, чыгармачылык чыйырын баштаган.

1964-жылы аталган окуу жайын бүтүрүп жатып, дипломдук ишинде «Манасчы» илимий-популярдуу тасманы ийгиликтүү чыгарат. Анда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин манас айтуудагы өзгөчөлүктөрү алкоого арзып, 1965-жылы «Манасчы» фильми Германиянын Оберхаузен шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда гран-прини алган.

Шамшиев «Манасчыдан» кийин «Чабан» аттуу документалдык фильм тартып, жаш режиссердун сюжеттеги таамай табылган идеялары анын кийинки көркөм фильм тартуусуна кеңири жол ачат.

Залкар режиссердун алгачкы ийгиликтери «Караш-Караш окуясы» (1968), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971) көркөм тасмалары болуп эсептелет. Бул фильмдер эл аралык деңгээлде коомчулуктун кызыгуусун жараткан.

«Ак кеме» көркөм тасмасы (1975) — режиссер Болотбек Шамшиевдин, кыргыз улуттук кинематографиянын дүйнөлүк киного маанилүү салым кошкон ири чыгармачылык жетишүүсү болгон. «Ак кеме» тасмасы 1976-жылы Фрунзедеги IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге, кийинки жылы — Трентодогу (Италия) ЭКФ сыйлыгына, ошондой эле СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

«Эрте жазда келген турналар» (1979) тасмасы дагы Шамшиевдин чыгармачылык биографиясында көрүнүктүү тасмалардын бири. Режиссер бул киносу аркылуу анын чыгармачылык диапазону канчалык кеңири экенин көрсөткөн.

«Бөрү зындан» (1983) — советтик прокаттагы эң кассалуу тасмалардын бири болгон. Бул — кылмыш дүйнөсү жөнүндөгү анык аңгеме. «Бөрү зындан» көрүүчүгө жетишерлик эмоционалдуу таасир калтырат жана аны терең ойлонууга мүмкүндүк берет.

1985-жылы Шамшиев Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдогуловага арналган «Снайперлер» тасмасын тартуу үчүн «Казакфильмге» чакырылган.

Болот Шамшиев Жогорку Кеңеште депутат (1989-1995), өкмөттүн алдындагы туризм жана спорт агенттигинин директору катары мамлекеттик кызматта (1998-1999), ал эми 1999-2000-жылдары Бириккен Араб Эмирлигинде Кыргызстандын башкы консулу катары кызмат кылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Болотбек Шамшиев 90-жылдары «Салам-Алик» киностудиясын түзүп, улуттук оюндарга, мелдештердин жайылуусуна көп күч жумшаган, 1996-жылы азыркы көк бөрү оюнунун биринчи эрежелерин иштеп чыккан. «Манас» эпосунун миң жылдык мааракеси белгиленгенде, 1995-жылдагы эсте каларлык күндөрдө, абдан чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктарды алган:

  • Кыргыз ССРинин Ленин комсомол сыйлыгы (1969);
  • Кыргыз ССРинин эл артисти (1975);
  • СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977);
  • СССРдин эл артисти (1991);
  • III даражадагы «Манас» Ордени (1997);
  • II даражадагы «Манас» Ордени (2006).

Кыргызстандын маданияты, чыгармачыл интеллигенциясы, жалпы эле Кыргызстандын эли, кыргыз журтуна гана эмес, боордош элдерге да кеңири таанымал болгон залкар кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесин түбөлүккө сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here