Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн мурдагы мэрлер Албек Ибраимовго жана Кубанычбек Кулматовго өкүм чыкты.

Ибраимов 15 жылга кесилди, Кулматовго 5 миллион сом айып салып, абактан бошотулду. Экөө теӊ өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келишкен.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=20&v=Fm2BtxisaU0&feature=emb_title

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here