Мамлекеттик чек ара кызматы Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө бекетинде 2 миллион сомго жакын аткезчилик жүк кармалганын билдирди. Бүгүн тийиштүү документтери жок жүк Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп жатканда колго түшкөн.

“Volvo” жүк унаасындагы товарлардын арасында дары-дармек, сагыз жана парфюм каражаттары болгон. Айдоочу көрсөткөн документте машинеде сантехника буюмдары бар экени жазылган.

Жүктүн жалпы суммасы 1 905 000 сом деп эсептелип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Жүктүн ээси жана жарандыгы жөнүндө маалымат бериле элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here