22-декабрь биздин мамлекетте электриктердин майрамы экени жалпыга маалым. Бул кесип ээлеринин иши түйшүгү түмөн, ары татаал, ары кооптуу экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Мына ушул майрамга байланыштуу биз Кыргызстандын электр энергия системасында өтө чоӊ орунду ээлеп турган “Түндүк электро” акционердик коому тууралуу эки ооз кеп айтпасак болбос. Аталган компания  Кыргызстанда ички рыногу үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 40%дан ашуун бөлүгүн бөлүштүрүү жана сатууну ийгиликтүү ишке ашырып келатат. 2019-жылдын 1-июнуна карата “Түндүк электр” ААКнын 577 274 юридикалык жана  жеке жактар болгон кардарлары  жана өздөрүнүн карамагында 20 миӊ чакырым электр чубалгылары бар. “Түндүк электрону” бир нече жылдан бери жетектеп келаткан Искендер Кадыркулов мырза өз ишин  аксатпай, компанияны реформалоого багытталган албан-албан иштерди кыйынчылыктарга карабастан  аткарып жатат. Анын ишмердүүлүгү талапка ылайык болгондуктан акыркы жылдары республика аймагында мурункудай  кыш мезгилдеринде жарык өчүрүлбөй, кубаттуу болуп келатат. Ушундан улам   жалпы коомчулук “Түндүк электрого” сын айтпай, жакшы баасын берип жатканы байкалууда. Биз “Түндүк электро” компаниясы өз милдетин мындан ары да татыктуу аткарып, элдин алкоосуна татый берет деген ишенимдебиз. Сиздер таза иштеп,  түндгүӊөрдү бийик көтөрүп, жарыгыӊарды эч өчүрбөй элге жаркылдатып турушуӊарга тилектешпиз.  

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here