Ошентип, тагдырдын буйругу менен Роза эженин үйүнө барып калдым. Сыртынан караганда, эже мага сүрдүү көрүнүп жүрсө, аны менен жакындан таанышып, сүйлөшкөн соӊ өтө мээримдүү, мүнөзү жумшак айым экенин билдим. Анан да, анда кыргыз каймагынын каны бар, чыныгы интеллигент экени байкалат. Жашы сексенден ашса да, акылы тунук, кыймыл-аракети шайдоот эже менен маектешип олтуруп, ага бир чети суктансам, бир чети анын ден-соолугун тилеп турдум.

Биз көпкө сүйлөштүк. Бирок, бул убакыт мага жетпейт эле. Эже менен мен бир нече күн сүйлөшсөм да тажабайт элем. Себеби, ал адамга көкүрөгү ачык, көп нерсени билген жана адамдан жакшылыкты гана үмүт эткен инсан экен. Кээде көзүн жаштап алган эже менен кошо жашып, кээде кошо күлүп, убакыт кандай өткөнүн сезбей калдым. Ал мага «Кайсы багытта сүйлөшөбүз?»,-деп сурады. Ал өзү тууралу эмне айтам дегенчелик кылып, «Өзүм эмне, өзүм өзгөчө деле эч нерсе кылган жокмун да. Мен жөнүндө башка бир күнү сүйлөшөлү» деп койду. Ошентип, биз анын агасы алп жазуучу Чынгыз Айтматов жана атасы, көрүнүктүү саясий ишмер, кыргыздын кыраан уулдарынын бири Төрөкул Айтматов тууралуу маектештик.

Роза эже мага бир нерсе айткысы келип, сөзүн өзү баштады:

-Мен ушу «Манас” жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы ачылат  дегенде, кандай болор экен,  ушундай да болобу деп ойлогом. Анан ой жүгүртүп олтурсам,“Манас” менен Чыӊгыздын чоӊ байланышы бар экен. Манас Алтайдан көчүп келгенде, Кыргыз жергесинин ичинен Таласты тандап, ошол жерде жашаган тура.

Таластын өйдө жагында Манастын күмбөзү, Кароол чоку, Манас ордо бар. Деңиз деңгээлинен болжолдуу 5000 метр бийиктикте Манас Ата деген кош чоку жайгашкан. Биздин Шекер айылы ошол чокунун астында турат. Манас Ата чокусу Ала Тоонун Таласт бөлүгүндөгү эӊ бийик чоку. Анан анын мөӊгүсүнөн түшкөн суу Күркүрө суусуна айланат. Ошол суу бир эле биздин айылды эмес, Көк-Сай, Кайнар өӊдүү бир топ айылдарды багат. Ошондонбу, мен бала кезде аны эл «Айланайын Күркүрө» деп айтышчу эле. Манас Атага жүзүн буруп, «Айланайын Манас ата, түбөлүккө тур» деп ыйык көрүп сыйынышчу. Анан Чынгыз Төрөкуловичтин бир макаласында мындай деп жүрөт. «Менин мекеним-Шекер айылы. Мен Шекерге келе жатканда, алыстан эле Манас ата чокусун көрөм. Мен аны көргөндө, айлана тегеректегинин баарын унутуп, жылаӊаяк чуркап жүргөн бала кезиме барып, ойго батам»,-дейт. Муну айтып жаткан себебим, анда Манаска байланышкан бардык нерселерге ыйык мамиле сиӊген болушу керек.

Атам акталган соң ысымы Шекер айылындагы мектепке коюлуп, 1992-жылы биздин айылга эстелик курулмак болуп калды. Аны белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков жасаган. Ошол айкелге Чынгыз аке атабыздын сүрөтүн өзү тандады. Ага бир олуттуу олтурган, мамлекеттик ишмер катары түшкөн сүрөтүн тандап, анан кайсы жерге, кандай коёт ошонун баарын сүйлөштү.

Эстелик даяр болуп, ачылышына бардык. Чынгыз акем ана келем, мына келем деп, келе албай калды. Ошол учурда Горбачёвдун кеӊешчиси болуп турган кез болчу.  Ошентип, Илгиз, мен болуп ошол иш-чарага бардык. Мектептин короосунда эстелик ак кездеме менен жабылып, окуучулар октябренок, пионер, комсомол болуп катарынан тизилиптир. Жергиликтүү туугандар, райондун чоӊдору келишиптир. Митингди ача турган болуп эстеликтеги ак кездемени түшүргөндө, элдин арасынан «Ох, Манас ата жакты карап турган экен» деген  күбүр-шыбыр болуп кетти. Мен чынында эстелик кайсы жакты караганына көӊүл деле бурбайт элем. Бирок, эл үчүн бул өтө маанилүү экен. Ойлосом, Чыке ошондо майда-чүйдөсүнө чейин кеӊешип, өзүнүн оюн айткан экен. Ага ошонун баары маанилүү болгон тура.

Экинчиси, «Манас» аэропорту тууралуу айтып берейин. Мен архивдик материалдардан таптым, анын долбоорун эӊ алгач атам түзө баштаган экен. Менде ал иштин протоколу бар. Аэропорт канча жерди алат, ага канча кум, таш, цемент кетет. Анда иштеткен жылкыларга, өгүздөргө канча жем, канча чөп керек таблица түзүптүр. Ал жер мурда шаардын тышы болсо, кийин шаар чоӊоюп, ичи болуп калды.

Турдакун Усубалиевдин эскерүүсүндө мындай дейт. «Барак деген жерге аэропорт сала турган болуп, ага көп күчүмдү жумшадым, көп салым коштум эле, бирок, эмгегим билинбей калды. Бир жолу Чынгыз Төрөкулович телефон чалып, «аэропорт бүтүп атабы?» деп сурады. Мен «Кызыксаӊыз, келип кетиӊиз» дедим. Чынгыз Төрөкулович келип, көрүп кетти. Анан «Думы на взлётной полосе» деген чоӊ макала жазды» дейт. Мен ошол макаланы мурда окуганыма карабай, жакында кайра окуп чыктым. Ал анда а дегенде аэропорт кандай курула баштаганын майда-чүйдөсүнө чейин жазыптыр. Усубалиев да айтып атпайбы, «Макаланы окугандан кийин мен ага эч нерсе кошо албадым да, бир сап алып сала албадым, мен анын жазуучулук чеберчилигине таӊ бердим» деп. Эми ошол макалада мындай  дейт: “Илгери кыргыздар боз үйдөн чыгып, келген мейманын аттан түшүрүп, “Куш келиӊиз, Манастын жерине” деп айтчу. Эми буюрса, бул жерде самолет учуп калса, меймандарга «Куш келиӊиз, кыргыздын жерине» деп айтышат” дейт. Ага чейин аэропорттун атын Ленин коёбуз дегендер болгон да. Чыкем акырындап айтып олтуруп, логикалык жактан жүйөлүү кылып көргөзүптүр. Ал «Элдин туюмунда Манас Аккуласын алкынтып, бир чокудан бир чокуга учуп өтчү экен деп айтылып келет. Ошондо эл канаты бар атты кыялында жараткан. Ошону көптөн бери элибиз эӊсеген. Андыктан, биздин аэропортту «Манас» деп атасак жарашат, ошондо элдин кыялы орундалат»,- деп айткан.

Чынгыз Манаска өзгөчө мамиле жасаган. Биз Саякбай Каралаев менен кошуна туруп калдык. Экөө көп пикирлешер эле. Мен анын да таасири болсо керек деп көп ойлойм. Байкасам, ал Манаска көп жерде кайрылат. Азыр биз айтап атабыз,«Манасты» ЮНЕСКО каттап, 100дөн ашык мамлекетте эпостор бар болсо, анын эӊ мыктысы деп тандалган жетинин бири болуптур деп атабыз. Ошонун ошондой деӊгээлге жетүүсүндө  Чыӊгыздын салымы чоӊ.  Анткени, ал эӊ алгач  Саякбайды Гомер деп атады. Гомердин «Илиядасы» жарым миллион сапка жетпейт экен. Бирок, ал эӊ алгач Саякбайды Гомер деп элге таанытып алып, анан «Он знает миллион строк» деп жазганы бар. Ал киши каза болгондон кийин кайра макала жазып, «Жакында эле он знает миллион строк деп жаздым эле. Бирок, турмуш деген ушул экен. Ал кишинин көзү өтүп, он знал…» деп жазып атам дейт.

Эл арасында жанагы Манас кош чокусунун бирөөсүн Чыӊгыз чоку деп да коюшат. Бул элдин баасы. Ошон үчүн ойлойм, Чынгыз Төрөкулович өзүнүн чыгармачылыгы менен Манас темасын параллель ала жүрдү. Колдон келишинче эл аралык деӊгээлде пропогандалады. Аны эл билет. Мүмкүн алар параллель болгондон кийин академиянын ачылганы деле туура болду го деп ойлоп калдым.

Мен Чыкемдин мекенчилдигин белгилеп кетет элем. Анын чыгармачылыгы гуманисттик идеяларга толгон. Ал азыркы жаштарга мекенчилдик менен гуманисттик идеяларды ачык көрсөтүп берген. Алар кызыгып, окуп, ошондон үлгү алышы керек. Бул академиянын негизги максаты ошондой болушу кажет. Ал руханий дүйнөнү байыткан академия болуусу зарыл. Мында Мансатын да, Чыкемдин да чыгармаларын илимий жактан изилдеп, ошондон тыянак чыгарса, азыркы жаштарга үлгү боло турган инсандар чыкса деп ойлойм.Себеби, «Манастын» ичинде да, Чыкемдин чыгармаларында да үлгү болчу каармандар көп.Толгонайды карабайсыӊбы, күйөөсү, балдары, баары бар болуп туруп,ошонун баарынан ажыраганда, бир кичине балага үмүт артып, ошол үчүн жашап жатат. Аны башканын баласы деген жок. Мына-гумандуулук.

-Бир жолу Чынгыз ата Таласта эмес, Жалал-Абадда төрөлгөн деп чуу түшүрүп жиберишти. Бул кандайча болуп калды?

— Биздин үй-бүлөдө 6 бала болуптур. Ата-энебиз 1925-жылы үйлөнүп, сыягы 1926-жылы биринчи баласы төрөлсө керек. Анын аты Риза экен. Ал кандайдыр бир оору менен бир жарым  жаш курагында чарчап калат. Анан 1928-жылы декабрда Чыӊгыз төрөлөт. Андан кийин эгиз бир туугандар, анан эжем, анан мен төрөлүп жатам. Эжем эгиздин түгөйү экен. Түгөйү- Рева, эжемдин атын Люция деп коюшуптур. Ошентип, экөө бириксе «Революция»болмок. Эки эгиз төрөлгөндө, апам чоӊ энеме телеграмма жиберет. Ага телеграмманы окуп беришкенде,  энем «Төрөкулдун бул эмне кылганы, мындайды да жарыялачу беле» деп телеграмманы жүктүн арасына катып коюптур. Анан талкан, сары майын алып, балага жентек берейин деп Фрунзеге келет. Балдарды көрүп, “Рево деген ат мага жакпайт” дейт. “Мейли, өзүӊүз ат коюӊуз”,- дешсе, Эркинбек деп коёт. Атамдын Эркинбек Эсенаманов деген досу болгон. Ошондой болсун деп төлгө кылган экен. Алар эки ат биригип бир маани берерин түшүндүрсө, «Эркин» деле ошо революцияга маанилеш сөз деп коюптур. Мурда Чыӊгызды же Илгизди мага бербей койдуӊар эле деп таарынып жүргөн экен. Ал кезде чоӊ апасы балдардын бирин бакчу да. Анан Эркинбекти ага беришет. Чоӊ апам аны Шекерге алып кетип багыптыр. Анын көзүнө бала ушундай сулуу көрүнчү экен. Эч кимге көргөзбөй, киши келсе, жүзүн дубалды каратып жаткырып ырымдачу дейт.

Бир жолу Эркин Эсенаманов Таласка командировкалап келип, учурашып кайрылып калат. Келсе, айласы жок, баланы колуна берет. Ал ымыркайды кичине кармап олтуруп, кайра бериптир. Ошондо баланын эти ысып турган экен. Эсенаманов балага дары бериш керек экен, ооруп аткан окшойт деп  шашып кетип калат. Ошондон кийин беш-алты саат өтпөй бала чарчап калат. Ошентип, эки бала чарчап калган экен.

Эми Чынгыздын төрөлгөнү тууралуу айтап берейин. Атабыз 1926-жылдары Жалал-Абадда иштейт. Азыркыча айтканда, губернатор болуп дайындалган. Биринчи баласы чарчап калган апам бул баламды Фрунзеден төрөйүн деп атайын борборго келген экен. Келсе, «Айымкан апа ооруп жатат» деген кабар келет. Атам экөө апамды көрүп келели деп, дароо Шекерге жол тартат. Ал кезде жол азабы кыйын эле да.  Жалал-Абаддан Фрунзеге, андан Шекерге келип, айылдан толгоосу кармап калат. Ошентип, Чынгыз Шекерде туулат. Эки күндөн кийин атамды Өнөр жай  министри болууга аӊгемелешүүгө Фрунзеге чакыртып калышат. Ошо менен алар Фрунзеге келип, анан Жалал-Абадка жөнөшөт. Атам жетекчи болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бул жактан эле жаздырып алалы деп, Жалал-Абаддан митирка алып, 12-декабрда төрөлдү деп жазылат. Бул жерде Чынгыз көп болсо эки-үч ай жашаса керек. Анан атамдын кызматына карап, эки жыл Фрунзеде жашашат. Кийин атамды Ошко жиберишет. Чыкем Ошто номер биринчи бала бакчага барчу экен, сүрөтү да бар. Кийин Оштон Фрунзеге келишет. 1934-35-жылдары Кыргызстандын обкомунун экинчи секретары болуп иштейт. Ал кезде Туркистанский АССР болчу да. Биринчи секретары Москвадан жиберилчү экен. Репрессия башталып калган мезгил. Күнүгө эле НКВДдан тизме алып келет дейт. Макул болбосоӊ, сен да душмансыӊ деп күнөөлөшөт. Бул Бектеновдун китебинде да бар. Тыныстанов мыкты адам болгон дейт. Аны камайбыз дегенде, атам Белоцкий менен сүйлөшүп, кыргыздын биринчи профессору, таланттуу адам  деп, тизмеден чийдирген экен. Тарыхчы, журналист  Сыдык Карачевди да чийдирген дейт. Бирок, эки-үч айдан кийин аны камап, атып өлтүрүшөт. Атам ушундай шартта кантип иштейм деп, Москвага окууга мүмкүнчүлүк болуп калып, үй-бүлөсү менен кетет. Ошентип, ал Марксизм, Ленинизм курсунда, Кызыл профессурада окуйт. 1937-жылы  Кыргыз ССри түзүлөт. Көптөн бери мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган кыргыз үчүн бул өтө чоӊ жетишкендик эле. Ошондо Коммунисттик партияга биринчи секретарь кылып Аммосовду жиберишет. Ал өзү якут, бирок, Ленин менен иштешип калган экен. Ал якутияда жашыруун иштеп жүрүп, абдан такшалыптыр. Казакстандын бир нече облустарында биринчи секретарь болуп турган. Эми ошол кишинин жиберген үч телеграммасы менде бар. Биринде мындай дейт. «Мен келип, иштеп жатам. Мага орунбасар керек. Орунбасарлыкка Айтматовду чакыртып алсам болор эле. Кандай дейсиз?» дегени бар. Ал адегенде Кыргыз ССРинин НКВДсы Четвертоковго айтат. Ал “Айтматов буржуазиялык улутчул, аны эмне кыласыӊ?”,- деген экен. Ага карабастан, Аммосов Маленковго 3 жолу телеграмма жиберет. Четвертаков болсо өзүнүн жетекчиси Ежовго болгон окуя тууралуу телеграмма жөнөтөт. Ал Тыныстанов менен Абдрахмановдун улуттук  маанидеги каттары бар экенин, аны элге жарыялаганын айткан экен. Ошентип жүрүп акыры түбүнө жетиптир.

-Ошол каттар чын эле бар бекен?

-Билбейм. Ал каттар тууралуу мурда мен уккан эмесмин. Ушул маалыматтарды мен кийин таптым. Бир жолу жаш кезимде мен лекция окуп жатсам, эшик ачылып, бирөө сыртка чакырды. Чыксам, бир жигит турат. Мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле дейт. Лекция бүтсүн, анан сүйлөшөлү дедим. Ал киши түрмөгө олтуруп чыгыптыр. Ага КГБнын архивине кирүүгө кандайдыр бир мүмкүнчүлүк болуп калат. Ал айтат, мен ошол жерден окудум, Жусуп Абдархмановду 1937-жылдын орто чечинде камашкан экен. Төрөкулду болсо декабрдын биринде Москвада камайт. Аны поездге салып келип, экөөнү көздөштүрөт. Алты айдан бери кыйноого түшүп, алы кеткен Абдрахмановду жолуктурушкан экен. Ошондо Төрөкул «Ушул калпты кантип айтасыӊ?» деп чаап жибериптир.

Мен ал кезде маани берген эмесмин. Кийин ал кишини таппай калдым. Ал кезде тергөөчүлөр улуттук маанидеги катты өздөрү жазып, моюнуна алдырган учурлар болуптур. Менимче, ошондо Абдрахмановду кыйнап, Төрөкулдан ушундай кат алгам деп айттырса керек. Эми бул менин боолголоом.

1937-жылы августта Ежовдун оперативдүү буйругу чыгат. Анда: «Биз камап аткан эл душмандардын үй-бүлөлөрү коркунучутуу. Андыктан, анын аялдарын сүргүнгө айдап, балдарын колонияларга тапшыруу зарыл» деп жазылган. Биздин ата-энебиз кызыл профессуранын жатаканасында жашачу экен. Ошол маалда кошуналар камалып, үй-бүлөлөр жоголуп кетип атты дейт. Анан атам биздин балдарды аман сактап калалы деп, бизди Шекерге шашылыш кетирет. Апам байдын кызы болгон экен. Ага себине  күмүш кашык, вилка, бычактарды, персиялык килемдерди берген экен. «Скупка» деген дүкөнгө кичине түзүгүрөөк деген буюмдарынын баарын сатып, шашылыш кетет. Менин митиркамды жаӊы эле алгандыктан, ал сумкада, калган балдардын документтери китептин арасында папкада унутулуп калат. Ал кезде мектепке документи жок эле ала берчү. Ошентип, башыбызга мүшкүл иш түшүп, атабыз камалып, биз анын атылганын деле билбей 20 жыл аны күтүп жашадык. 

Чыкем Техникумга тапшырарда документтерин даярдай баштайт. Паспорт алайын десе, күбөлүк жок. Атамдын тергөө ишинде «1-декабрда Айтматовдун үйүнө тинтүү жасалды. Тинтүү учурунда документтер, өз ара жазышкан кат салынган папка алынды»деп жазылып жүрөт. 

Апам ал кезде Жалал-Абадга барайын десе, биринчиден, каражаты жок эле. Согуштан кийинки жылдар, ачарчылык убагы, байланыш кыйын. Экинчиден апабыздын ден-соолугу начарлап, стресстен оорусу күчөп кеткен экен, астма болуп кыйналып, жол жүрө алмак эмес. Жалал-Абадга барса деле, “эл душманынын аялына” жазып берет беле, белгисиз. Ошентип, апам Шекерге селсоветке барып, балам ушул жерде эле төрөлдү эле, экинчиден, согуш жылдары силерге иштеп берди деп түшүндүрүп,справка алат. Ошол справка менен паспорт берилет.

Кийин жалал-абадыктар Чынгыз Айтматов биздин ЗАГСда регистрация болгон тура дешкенинен “Шекерде төрөлгөн, регистрациясы Жалал-Абадда болгон” деп айтып койгом, кыскача. Анан интернетке туура эмес пикирлер чыгып кетти. Ал жерде ушунун баарын айтып олтура албайт элем. Эми тагдыр ошондой болуп калды.ь Ал документтер унутулуп калбаса, төрөлгөн жери Жалал-Абад болуп калмак. Ал кезде Чыӊгыздын, биздин үй-бүлөнүн тагдыры кандай болот эч ким билген эмес да. Чынгыз Таласта төрөлгөн, Жалал-Абадда эки гана ай жашаган.

9 жашынан баштап каникулда чоӊ энемдин колуна Шекерге келип жүрдү. Согуш жылдары шекердик аксакалдар менен байбичелердин тарбиясында болду. Ошолордун дүйнөгө болгон көз карашы, философиясы, салт-санаасын сиӊирди. Адам катары калыптанган мезгилинин баары Шекерде өттү. Мен шекерлик ак сакалдар, байбичелер жакшы багыт бергенине  Кудайга миӊ мертебе ыраазымын. Ошонүчүн, жанагыдай чыгармалар жазылды. Эгер алар жаман сөздөрдү айтып, түрткүлөсө, андай болмок эмес.

-Ал сизге ага эле эмес, атадай болуп калды да. Сиз аны эстегенде, кайсы окуя көбүрөк эске түшөт?

— Ооба, мен беш айымда атаман калган экенмин. Балдардын эӊ улуусу Чынгыз. Ал киши 9 жашынан баштап бизге ата да, ага да болууга мажбур болду. Ушундай азаптарда Чынгыз биздин ишенимдүү таянычыбыз катары сезилчү. 1946-жылы го, Чынгыз үйгө келди. Мен үчүнчү класста окуп жүргөм. Ал менден “Сен китепканага жазылдыӊ беле?”,-деп сурады. “Жок” дедим. “Сен китепканага эртеӊ барып, китеп ал”,- деди. Мен эртеси китепканага барып, жазылып, бир китеп алдым, окудум. “Эми айтып бер”-, деди. Айтып бердим. “Эми муну өткөр дагы башка китеп ал”,-деди. Ал өзү бала болсо дагы мага багыт берип атпайбы. Ушул окуяны көп эстейм.

Биз 1943- жылдары Жийде деген айылда жашадык. Медпункт да жок. Кичинекей мечит бар айыл экен. Аны да Совет бийлиги жаап салыптыр. Ошол жерде турганда бооз уюбузду уурдатып ийдик. Чынгыз Шекерден келип калды. Каракыз апамдын күйөөсү менен келишчү. Үйдө сарай жок эле. Апамдын да колу уй сааганга жарабайт. Колхоздун фермасына коюп, андагы аялдар саачу.

 Дарыя менен биздин үйдүн ортосунда талаада окоптор казылган болчу. Немистер келсе деп даярдалган. Чынгыз  окоптун баарын карап чыкты. Жамбылдын базарында сатылып аткан экен деп, Темирбек деген трактористтин мылтыгын сурап, жинденип чыгып кетти. Ошентип баратса, астынан ак сакалчан адам чыгат. «Эй, сен бирөөнү өлтүргөнү баратасыӊбы?», -дейт. «Ооба» дейт Чынгыз аке. “Андай болсо токтот, ал ууруларды Кудай өзү жазалайт. Сен бактылуу болосуӊ. Сенин уюӊ көп болот. Көрөсүӊ, мени жөн эле сүйлөп атат дебе, ушуну кийин эскересиӊ» деп айтат. Өзү эскергенинде «Бир убакта карасам, ак сакал жок, мен ыйлай бердим, денемди тер басты. Анан үйгөк айттым» деп эскерет. Эл аны Кыдыр деп  жоруган. Ошондо Чыкем кокус киши өлтүрүп койсо, тагдыры кандай болот эле? Чынгыз кичине болсо да, көп азап көрдү. Бирок, ошонун баарынан жакшы жакка бурган.

 Аны мектеп жашында Дүйшөндүн мектебине да албай коёт.  Илгиз агам экөө эжелеримдин балдары менен кошо туруп, метептин жанындагы көпүрөгө чейин барып, алар мектептен келгиче ойноп, кайра алар менен кошо мектептен келе жаткансып келчү экен. Бир күнү ак сакал киши көпүрөдөн өтүп баратып, аларды көрүп, кимдин балдарысыӊар, эмне мектепте эмессиӊер?” деп сурайт.“Биздин кабыл албай койду” дешет. Ал: “Окугуӊар келеби?”,-деп сураптыр. Алар эриндерин тиштеп, эптеп көз жашын тыйып калышат. Ошентип, ал киши директорду коркуткан окшойт. Ал кезде мектеп жашындагы бир дагы бала окубай калбашы керек деген мыйзам болгон.

Кийин Чынгызды пионерге да албай коюшат. 70 жашка чыккандабы, айылга бардык эле. Ошондо, “Ушул булакка пионерге албай койду деп көз жашымды төктүм эле. Ошендо пионер мага мынча эмне керек болду экен?”деп күлгөнү бар. 3-класстагы бала үчүн бул өтө чоӊ оор жүк эле да. Кийин эле Айыл чарба институтунда аспирантурага да албай койгон да. Ошонун баарын көтөрдү. Дал ошол булакты «Ботокөз булак» деп жазып атпайбы. Чынгыздын бир артыкчылыгы ар бир нерседен жакшылыкты көрө алганында экен.

1957-жылы  Чыкемди ар тараптан сындап жатышкан. Ошону көтөрө албай катуу ооруп калды. Ошол учурда прокуратурабы, НКВДданбы кагаз келди. Төрөкул жөнүндө кабар алып кеткиле деп. Эжем да практикага кеткен эле. Чоӊ-Арыкта элек. Апам менен азыркы коргоо министрлик турган имаратка бардык. Кирсек, куралчан киши туруптур. Ал апамды киргизип, мен сыртта калдым. Ошондогу апамдын элеси такыр унутулбайт. Апам араӊ басып чыкты. Колунда эки кагаз. Ал атама жолугам деп келе жаткан да. Бир кагаз анын күнөөсү жок болгон үчүн акталды деген кагаз, бири өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк экен. Ошентип, келет деп 20 жыл күткөн атабыздан үмүт үзүлдү.

-Чоӊ-Ташта сөөгү табылганы тууралуу биринчи кабарды Чынгыз ата кандай кабыл алды, сиз кандай кабыл алдыӊыз?

— “Саманчынын жолунда” “Ата, сенин кайсы жерде көмүлгөнүӊдү билбейм” деп жазганы бар да. Апам 71-жылы каза болду. 72-жылы Ала-Арчада эстелик орнотулду. Атабыздын көмүлгөн жерин таппагандан кийин кош эстелик орноттук. Бул Чынгыздын идеясы болчу. Экөөнүн аты-жөнүн жазып, анан “Атабыздын көмүлгөн жерип билбегендиктен, энебиздин бейитине кош эстелик орноттук” деп жазылган. Себеби, ошончо кадыр-баркы менен ал көп аракет кылып, издеди, эч жерден айтпай коюшту.

 1991-жылы Бишкектен 18 чакырым аралыкта массалык көмүлгөн сөөктөр табылды деп гезиттен окуп калдым. Ошондон кийин эле жолдошум менен Францияга барганбыз. Келе жатып, Люксембургга Чыкеме кезиге кетели деп барганбыз. Ошондо мен гезиттеги кабар тууралуу айттым. Азыркыга чейин көз алдымда, ал башын мыкчып олтуруп калды. «Ким билет, ал жерде ким көмүлгөнүн, кантип таанылсын?» деп айтты.  Бир күнү Чыӊгыз айткан окшойт, КГБга чакыртыптыр. Барсам, колума атамдын делосун берди. Сурак протоколу бар экен. Астында кенедей кылып кол койгон экен. Колу абдан түшүнүксүз, башка убактагыга такыр окшобойт. Эмне үчүн деп ойлогом, көрсө, ошол кезде суракта ар бир манжаларын эшикке кыпчытып, талкалачу экен. Анан бармагы менен сөөмөйүн кол койдуруш үчүн гана калтырышчу дейт.

Сиз Атаейитке барган сайын ыйлайм дегениӊиз бар, ал жерге бат-бат барасызбы?

-Көп барам. Мүмкүнчүлүк болсо эле барам. Ата-Бейит чынында менин ой жүгүртүүмдү өзгөрттү. Анда  137 кишинин сөөгү 53 жыл бою жаткан экен. Ушуларды ойлогондо, мен такыр башкача адам болуп чыга келдим. Болбосо, мен китеп жазам деп эч убакта ойлогон эмесмин да. Бул тема мен үчүн өтө маанилүү. Чынгыз жөнүндө сурасаӊ, Төрөкул жөнүндө айтып жатканым да ошол.

Маектешкен:Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here