-Махабат айым, жакында сүрөт музейинде кыргыздын каада-салтына, улуттук баалуулугуна төп келбеген иш-чара өтүп, ал коомчулукта кызуу талкууга алынды. Парламент депутаттарынын көбү ал маселеге көз жумду кылып коюшту. Айрым сиздин айым депутат кесиптештериӊиз ал иш-чараны көмүскө колдогону да ачыкка чыкты. Отунбаеванын да колдоого алганы эмгиче катуу талкууга алынууда. Сиз болсо катуу сынга алып, ой-пикириӊизди ортого салдыӊыз. Мына ушул маселени сиз менен дагы бир аз тереӊдетип кеп кылсак…
-Ал иш-чаранын биздин ошол куттуу музейибизде болуп кеткени абдан өкүнүчтүү болуп калды. Мен буга чейин элибиздин менталитетине туура келбеген, улуттук баалуулуктарыбызга каршы боло турган иштерди, ар кандай терс көрүнүштөрдү сындап келгем. Ал эми Роза Отунбаеванын бул иш-чараны колдоого алганы, айылдыктарды бир аз кемсинтип кеп айтканы чынында эле жалпы коомчулукка катуу тийди. Отунбаева кезегинде бир эле шаарга эмес, жалпы Кыргызстанга президент болуп, мамлекетибизди башкарган айым да. Албетте, анын билими, тажрыйбасы башка кеп. Бирок мындай иш-чараны катуу сынга алып, улуттук баалуулуктарыбызга басым жасаса жакшы болмок деген ойдо калдым. Мен жалпысынан бул каада-салтыбызга туура келбеген иш-чараны Жогорку Кеӊештин трибунасынан эки жолу көтөрүп айттым.

Биз эч качан бул маселеде Американы, же Европа мамлекеттерин туурабашыбыз керек. Ал мамлекеттердин ыплас көрүнүштөрү менен алдыга жылбайбыз, керек болсо улуттук баалуулуктарыбыздын баркын кетирип олтуруп, акыры улут катары жоголуп кетүү коркунучуна такалабыз. Мисал кылып айтсак, азыр дүйнөдө экономикалык жактан укмуш өнүгүп, өздөрүнүн улуттук баалуулуктары менен жалпы дүйнө коомчулугун суктантып келаткан Япония, Сингапур сыяктуу мамлекеттер да бир кезде кедей мамлекет болуп, өткөөл мезгилдерди жашашкан. Бирок ошол кыйынчылык замандарда Американы же башка мамлекетердин мындай ыплас маданиятын колдого албай эле өздөрүнүн ата-бабаларынан калган байыркы кадаа-салттары менен өнүгүп кетишкен.
-Сиз ушул маселени айтып, музейдеги ыплас иш-чараны сындап чыккандай, кайра сизди сындап чыккандар да болду. Аларга эмне айтасыз?
-Сын айтандардын көбү жаштар окшойт. Мен аларды сындагым келбейт. Себеби, алар кичинесиенен шаарда өсүп, көз караштары батыш мамлекеттеринин салттарына жакын болуп кеткен болуш мүмкүн. Чынында чөйрөлөрү ошондой болсо да катуу таасир алып калышат да. Эми аларга убагында кыргыздын накта кадаа-салты, тарыхы, кыз кишинин үйдөгү, турмуштагы орду тууралуу маалыматтар берилбей, айтылбай калса керек деп ойлойм. Ошондуктан малекетибиз улуттук идеологияны бала-бакча, мектеп, жогорку окуу жайларда жайылтып, канга сиӊиртүүнү күчөтүшү зарыл. Тилекке каршы, бул боюнча талапка ылайык иштер аткарылбай жатпайбы.

-Депутат катары ушул маселе тууралуу мыйзам долбоорун жазуу ниетиӊиз барбы?
-Негизинен айтканда менин мындай максатым бар. Себеби, жаштарыбыздын келечеги, улутубуздун кадаа-салты мени тынчсыздандырбай койбойт. Бирок бул боюнча мыйзам жаза турган болсок көп убакыт талап кылынат. Анткени, улуттук деп маселе козгоп жатканда, эл аралык мыйзамдарга, мамилелерге тескери таасирин тийгизбей турган мыйзам кабыл алуу — бул биринчи орунда тура турган маселе. Чынында бул бул маселеде кылдаттык, дыкаттык керек. Мен бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге иш-аракеттерди көрүүгө аракет кылгам. Бирок мурунку министр менин аракетимди колдоого алган жок. Жаӊы министр Каныбек Исаковго сунуштарды айтып, иш алып баруу ниетим бар. Эч болбосо биз ыйман кодексиби, же адеп-ахлак кодекси дейбизби, айтор мамлекетти сүйүү, мекенчилдикке тарбиялай турган китепчелерди чыгарып, аны жаш жеткинчектерден баштап, баарыбыз жаттап, жүрөгүбүзгө сиӊирип алсак, өзүбүзгө да, мамлекетке да чоӊ пайда болмок. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ушул нерсе да жок болуп жатпайбы. Бул бойдон кете берсек, айбандын кейпин кийип калуу коркунучу турат.
-Экономикалык багытта бир суроо узатайын. Жакында сиздер мамлекеттин келерки жылга болгон бюджетин кабыл алдыӊар. Коомчулукта сын көп айтылды. Себеби, баягы эле көрүнүш, баягы эле сандар. Сиз байкай алган артыкчылыктар болдубу?
-Андай деле чоӊ артыкчылык жок. Бирок аз да болсо экономикалык жактан жылыш бар. Быйылкы өсүш 4 пайыздан бир аз жогору экени айтылбадыбы. Былтыркы көрсөткүчү мындан бир аз азыраак болчу. Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргызстан 3,5 4 пайыздын тегерегинде өсүш менен эле чектеле берсе, анда биз эч качан бийиктиктерге, чоӊ өнүгүүлөргө жетпейбиз. Ошон үчүн биз жылына жок эле дегенде 5 пайыздан ылдый түшпөшүбүз керек. Мындан да жогору болуп турса абдан жакшы болмок.

Өкмөт быйыл бюджетти былтыркыга салыштырмалуу 11 миллиарддан ашык көрсөттү. Бул жакшы. Демек, биз бир ордунда туруп калбай, аздан болсо да алдыга жылып жатабыз десек болот. Жыл өткөн сайын курулуш, өндүрүш, айыл чарба тармагында өсүштөр бар. Бирок биз ойлогондой эмес. Өлкөнүн бюджети жылына 11 миллиард эмес, өсүштү жок дегенде 30-40 миллиард сомго чейин көбөйсө, мына ошондо экономикадагы реалдуу жылыштарды байкай алмакпыз. Эмнеге дегенде 11 млрд. дегенибиз күнүмдүк эле чыгымдарыбызга кетип калып жатпайбы. Бизде ар кандай ишканалар ачылып, салык төлөөчүлөр жылына көбөйүп жатканы менен көмүскө экономикабыздын көлөмү абдан чоӊ болуп, экономикабызды аксатып жатат. Өкмөт мына ушул багытта катуу иш-аракеттер көрсө жакшы болот эле. Чынында көмүскө экономикабызга өкмөт катуу чара көрсө, бюджетибизде да жакшы өсүш болмок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here