Курман мырза,  сиздер бул ишкананы ачкандан бери ишиӊиздер кандай жүрүп жатат?

—Россия, Өзбекстан, Кыргызстандын өкүлдөрү биригип “Үрөндүк картошка” деген жооркерчилиги чектелген коом түзгөнбүзгө бир жылдан ашты.  Биздин максатыбыз-үрөндүк картошка өндүрүү. Буга чейин  Россиянын Краснодар крайынан былтыр “супер элита”  үрөндөрү келген. Ошол үрөндөрдү деӊиз деӊгээлинен бийик жерге айдаш керек экен. Биз ылайыктуу жер тандагандан кийин былтыр Кочкор районунун Талаа-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөӊ-Алыш айылындагы 33 гектар жерге айдаганбыз. Иштин жыйынтыгы тууралуу айтсам,   табиятка байланыштуу 2018-жылы 18-августта мөндүр жаагандыктан үшүк жүрүп кетти. Бирок ага карабастан жалпысынан түшүм жакшы болду.

—Жалпысынан кеткен чыгым жабылдыбы?

—Былтыр картошканын баасы түшүп кеткендигине байланыштуу биздин үрөнгө суроо-талап аз болуп калды. Мунун айынан жергиликтүү дыйкандарга картошканы сатуу кыйынчылык жаратты.   Анан биз Өзбекстанга сатканга аргасыз болуп 160 тонна  “супер элита” үрөнүн экспорттодук. Мындай учур Кочкор району боюнча биринчи жолу болуп жатат. Учурунда бизге бул сорттор (пикасо, романо, ратано)  56-60 сомдон келген. Бирок биз керектөөчүлөргө өз баасынын жарымына чейин гана сатканга аргасыз болдук. Ошентип чыгым жабылбай калды. Ошого карабастан орус тарап ангар куруп, андан тышкары картошка өндүрүүчү заманбап техникалар менен камсыз кылды.  Быйылкы шартыбыз аябай оор болду. Анткени суу маселеси өтө бир  топ түйшүккө салды.  Жаан жаабай кургакчылык болду. Ошого карабастан түшүм жакшы болду. Кеткен чыгымдар жабылт деген үмүттө турабыз.

—Ангарда канча тонна картошка сакталып турат?

—Ангарда азыркы учурда  250 тонна картошка бар. Мунун теӊин сатабыз. Үрөндүн көлөмү жумурткадай жана андан чоӊураак. Буюрса, быйыл керектөөчүлөр тараптан суроо-талап жакшы болуп жатат. Биз ЭЛТР, КТРден жарнамаларды беребиз. Ошонун негизинде бизден керектөөчүлөр үрөндөрдү алып кетишет. Биз райондогу Көк-Жар, Теӊдик айылдарына берген элек. Бир тонна картошка айдап айдап он тонна түшүм алган кишилер болду. Мындан тышкары Токтогул, Чүй өрөөндөрүнүн дыйкандарына да үрөн сатканбыз. Алардын да алган түшүмү жакшы болуптур.

—Айылдарга акча каражаты жагынан жардам бересиӊерби?

—Дөӊ-Алыш айылындагы жолдорду оӊдоого 300 миӊге сомго чейин жардам бергенбиз.  Комсомол айылына бала бакчага курулуш материалдары үчүн 100 миӊ сом бердик. Дагы ушул сыяктуу жардамдарды санаксак көп эле…  Биздин ишканада чакан эле жамаат иштейт.  Ал эми сезон учурунда 60тан баштап 110 кишиге чейин иштешет. Биз алардын эмгек акысын төлөп беребиз. Ар бир үй-бүлө иштеп, 10-15 миӊ сом таап алат. Мындан тышкары биз жер-жерлерде сапатуу үрөн ж.б. маселелер боюнча семиналарды уюштуруп, элге жакшы маалыматтарды берип жатабыз.

—Өндүргөн картошкаӊарга кыскача мүнөздөмө берсеӊиз?  

Романо деген кызыл, гватано деген ак  картошка эрте бышат. Булар бышканда эзилип кетпейт…

—Кыргызстанда картошка менен алектенгендерден кайсы аймактын дыйкандары үрөн алышты?

—Бизден үрөндү Ысык-Көлдөн үч-төрт фермер, Кочкордон  бир топ аадмдар алышты. Быйыл буюрса 60 гектар жерге айдайбыз. Түштүк тараптан болсо Араван районунун дыйкандары менен  менен сүйлөшүп жатабыз. Анткени алар февраль айында эле айдашат экен.

—Картошка айдагандын түйшүгү  тууралуу учкай айтсаӊыз…

—Туура айтасыз. Картошка өндүрүү тынымсыз эмгекти талап кылат экен. Ошого карабай аракет кылып жатабыз. Буга чейин Ошто картошка өндүрүү боюнча тиешелүү адистер тарабынан семинар өткөрүлгөн.  Буюрса, орус тараптан жеке ишкерлер келип биздин Өкмөт башчыга жолугуп, келечекте чипсы, картофелдүү ун өндүрүү тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Суроо салган Нурлан Исаматов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here