Бүгүн Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин соттук отурумунда мурунку мэр Кубанычбек Кулматов өз сөзүн сүйлөп, буларды айтты:
Мен бул сөздү сүйлөөдөн эч кандай маани тапкан жокмун. Бирок, бул иштин жыйынтыкталып жатканына кубанып жатам. Мени эмне себептен соттоп жатасыңар. Силердин балдарыңарга, неберелериңерге мектеп куруп бергеним үчүнбү? Жер-Үй боюнча Россиядан акча келгенде мен бийлик менен кадимкидей эле согушканбыз, акча бергилечи деп. Кечиресиздер бирок “фига” көрсөтүшкөн. Ал мектептин ачылышына барганда мектеп директору ыраазычылыгын айткан. Сиз болбосоңуз мунун баары болбойт болчу. Биз жиликтеп берген ишти чындыгын көрбөй койгонуңарга таң калдым. Барып мурун чочкоканада олтурган балдардын жүзүндөгү жылмаюуну көрүп келгилечи. Мени атып салгыла, себеби мен азыр 57 жаштамын а силер мага 15 жыл сурап жатасыңар. 15 жылдан кийин мен үй бүлөмө да керегим жок болуп калат.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп айып тагылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here