Жогоку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жакшы иштебей жатканын катуу сынга алып, ал Ветеринардык инспекция жеке компаниялардын бирине 16-ноябрда 5500 эшектин терисин «Торугарт» аркылуу чыгарып кетүүсүнө уруксат бергенин айтып чыкты. Ал өз сөзүндө:

Менин колума уруксат кагазы келип түштү. Жеке фирмага 5500 эшектин терисин «Торугарт» аркылуу өткөргөнгө уруксат бериптир. 5500 эшек деген абдан көп. Эгер булар бул жакта союлган болсо, эти кайда кетти? Ким көзөмөлдөп жатат? Кайсы жерде союлду? Эл тынчсызданууда, жаңы жылга жакын базардан кандай эт алышты да билбей калды. — деди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here