Бүгүн Бишкекте өткөн иш-чарада спортчулардын машыктыруучуларына да атайын сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бир катар спортчуларга өкмөттүн сыйлыктары да ыйгарылды. Айсулуу ТыныбековагаУлугбек Жолдошбековго, паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаевге, паратриатлончу Жалалдин Абдувалиевге, кикбоксчу Авазбек Аманбековго жана улуттук спорт түрлөрүнөн Бектурган Кожомуратовго 2019-жылы спорт тармагындагы жетишкендиги үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги атайын сыйлактарды тапшырды. Алар «Жылдын мыкты спортчулары» аталышты.

Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 1306 медаль утушкан. Анын 442си алтын, 367 күмүш жана 497 коло медалдар.

Жыл ичинде спорт агенттиги 1480 спортчуга 36 миллион 220 миң сом өлчөмүндө стипендия берген.

Учурда кыргызстандык спортчулар 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына төрт жолдомо алды. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлетчилер Юлия Андреева менен Дарья Маслова.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here