Урматтуу Замандаштар!
Кыргызстандын жалпы элинин саны 6 млн. ашык болсо , 800 000 ден ашууну чет өлкөдө. Анын 90% дан көбү Орусиянын аймагында күн өткөрүп келет. Акыркы алынган маалыматтарда
РФ ̶ 709 000, Кореяда ̶ 6550, Турцияда ̶ 30 000
Казакстанда ̶ 35 000 жана башка мамлекеттерде он миңдеп саналат.
Өлкө мигрантарга эмес, журтташтарыбыз өлкөгө экономикалык таяныч болууда. Ошондуктан, биз биздин мигрантар “Өлкөбүздүн реалдуу инвестору”- деп бышыктап айтып келебиз.
Миграция агымы менен кошо социалдык көйгөй бар, ар бир мекендешибиздин ал башында. 90%га чукул эмгек мигранттарынын жаш курагы бүгүн 25-64 жашта. Ушундан улам өлкө калктын ишке жарамдуу катмарын жоготуп жатканын көрүүгө болот.

Урматту замандаштар!
Миграция агымы күчөгөндөн бери чет өлкөдө каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн мекенине жеткирүү эң оорчунду маселелердин бири болуп калды. Бир эле Орусиядан жылына 300дөн 400гө чейин Кыргызстанга келет. Бул өлүмдүн саны согуш болгон өлкөлөрдөгүдөй көрсөткүчтөн кыйла жогору болууда. Салыштырып көрсөңөр, Ооган согушунда 10 жылда 252 адам (биздин жарандар) каза болсо, ал эми тынч убакта бөтөн жерде үйүн багам деп журтташтарыбыздын өлгөндөрүнүн саны жылына 400дөн ашып жатат. Россияга ишке бараткан жарандарыбыздын жолдо каза болгондорунун саны арбыды. Күнүгө бирден кабар угуу көнүмүш адатка айлангандай. Жок дегенде сыртта каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келүүнү камсыздай албаганыбыз УЯТ!
Кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна ылайык, каза болгон жарандардын жакындарына компенсация катары 50 000 сом бөлүнөт. Бирок бул төлөм чыгымдарды эске алганда жетишсиз. Ал эми бөлүнүп жаткан 50 000 сом адамдын сөөгун моргдон чыгарганга араң жетет. “Жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында мына бүгүн мекендештер чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир кыргызстандыктын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешин колдоп берүүсүн талап кылып кол топтоо башталган. Мына бүгүнкү күнү кол топтоонун жыйынтыгы 40 000ге жетти. Биздин максат чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир кыргызстандыктын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу үчүн жылына болгону 100 сом, үч жылга 300 сом болсо сыртка чыккан 800 000 мекендешке көбөйтсөк 240 000 000 сом чогулат экен. Эгерде, орто эсеп менен 350дөн алып үч жылга көбөйтсөк үч жылдын ичинде 1050 “жүк 200” Кыргызстанга келет экен. Чогулган 240 000 000 сомду үч жылда келе турган 1050 “жүк 200” бөлө турган болсок, ар бир каза болгон мекендештин жакындарына 250 000 сомго чейин бөлүнүп берилет. Айрымдар, бул маселенин артында жеке инсандар, жеке тараптар бизнеске айлантат деген суроолорду узатып келет. Ал эми, биздин жообубуз, бул сөзсүз түрдө өкмөттүн алдында, парламенттин көзөмөлүндө «мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы» колго алыш керек деп атабыз. Ушул мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы каза болгон жарандарды дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун өзү алып келгенге милдеттүү болот.

Урматтуу Замандаштар! Бул ыкма көптөгөн мамлекеттерде бүгүн иштеп келет. Эгерде өкмөт деги эле мамлекет бөтөн жерге үй бүлөөсүн, өзүн, балдарын багам деп чыгып кеткен журтташтарыбыздын шартын түзүп бере албасак, жок дегенде каза болгон журтташыбыздын сөөгүн өз мекенине алып келүү биздин ыйык милдетибиз деп эсептейбиз!

Андыктан, ар бириңиздерди активдүү катышып, оюңуздарды билдирип, пикир калтырууңуздарды суранабыз!

Учурдан пайдаланып, урматтуу Толкунбай Акматов агабызга терең ыраазычылык билдиребиз. Тайманбас эрки, талыкпас эмгеги так ушул «Жүк 200» маселесин чечүүгө жумшалган. Мекендештердин колдоосу менен демилгениз ишке ашат деп ишенебиз Кудайым буйурса! Бар болуңуз.

Урматтуу Замандаштар! Кыргызстандын жалпы элинин саны 6 млн. ашык болсо , 800 000 ден ашууну чет өлкөдө. Анын 90% дан көбү Орусиянын аймагында күн өткөрүп келет. Акыркы алынган маалыматтардаРФ ̶ 709 000, Кореяда ̶ 6550, Турцияда ̶ 30 000Казакстанда ̶ 35 000 жана башка мамлекеттерде он миңдеп саналат. Өлкө мигрантарга эмес, журтташтарыбыз өлкөгө экономикалык таяныч болууда. Ошондуктан, биз биздин мигрантар “Өлкөбүздүн реалдуу инвестору”- деп бышыктап айтып келебиз. Миграция агымы менен кошо социалдык көйгөй бар, ар бир мекендешибиздин ал башында. 90%га чукул эмгек мигранттарынын жаш курагы бүгүн 25-64 жашта. Ушундан улам өлкө калктын ишке жарамдуу катмарын жоготуп жатканын көрүүгө болот. Урматту замандаштар! Миграция агымы күчөгөндөн бери чет өлкөдө каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн мекенине жеткирүү эң оорчунду маселелердин бири болуп калды. Бир эле Орусиядан жылына 300дөн 400гө чейин Кыргызстанга келет. Бул өлүмдүн саны согуш болгон өлкөлөрдөгүдөй көрсөткүчтөн кыйла жогору болууда. Салыштырып көрсөңөр, Ооган согушунда 10 жылда 252 адам (биздин жарандар) каза болсо, ал эми тынч убакта бөтөн жерде үйүн багам деп журтташтарыбыздын өлгөндөрүнүн саны жылына 400дөн ашып жатат. Россияга ишке бараткан жарандарыбыздын жолдо каза болгондорунун саны арбыды. Күнүгө бирден кабар угуу көнүмүш адатка айлангандай. Жок дегенде сыртта каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келүүнү камсыздай албаганыбыз УЯТ! Кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна ылайык, каза болгон жарандардын жакындарына компенсация катары 50 000 сом бөлүнөт. Бирок бул төлөм чыгымдарды эске алганда жетишсиз. Ал эми бөлүнүп жаткан 50 000 сом адамдын сөөгун моргдон чыгарганга араң жетет. “Жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында мына бүгүн мекендештер чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир кыргызстандыктын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешин колдоп берүүсүн талап кылып кол топтоо башталган. Мына бүгүнкү күнү кол топтоонун жыйынтыгы 40 000ге жетти. Биздин максат чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир кыргызстандыктын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу үчүн жылына болгону 100 сом, үч жылга 300 сом болсо сыртка чыккан 800 000 мекендешке көбөйтсөк 240 000 000 сом чогулат экен. Эгерде, орто эсеп менен 350дөн алып үч жылга көбөйтсөк үч жылдын ичинде 1050 “жүк 200” Кыргызстанга келет экен. Чогулган 240 000 000 сомду үч жылда келе турган 1050 “жүк 200” бөлө турган болсок, ар бир каза болгон мекендештин жакындарына 250 000 сомго чейин бөлүнүп берилет. Айрымдар, бул маселенин артында жеке инсандар, жеке тараптар бизнеске айлантат деген суроолорду узатып келет. Ал эми, биздин жообубуз, бул сөзсүз түрдө өкмөттүн алдында, парламенттин көзөмөлүндө "мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы" колго алыш керек деп атабыз. Ушул мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы каза болгон жарандарды дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун өзү алып келгенге милдеттүү болот. Урматтуу Замандаштар! Бул ыкма көптөгөн мамлекеттерде бүгүн иштеп келет. Эгерде өкмөт деги эле мамлекет бөтөн жерге үй бүлөөсүн, өзүн, балдарын багам деп чыгып кеткен журтташтарыбыздын шартын түзүп бере албасак, жок дегенде каза болгон журтташыбыздын сөөгүн өз мекенине алып келүү биздин ыйык милдетибиз деп эсептейбиз! Андыктан, ар бириңиздерди активдүү катышып, оюңуздарды билдирип, пикир калтырууңуздарды суранабыз!Учурдан пайдаланып, урматтуу Толкунбай Акматов агабызга терең ыраазычылык билдиребиз. Тайманбас эрки, талыкпас эмгеги так ушул "Жүк 200" маселесин чечүүгө жумшалган. Мекендештердин колдоосу менен демилгениз ишке ашат деп ишенебиз Кудайым буйурса! Бар болуңуз.

Опубликовано Жеңишем Молдокматовым Суббота, 21 декабря 2019 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here