Жогорку Кеӊештин депутаты Нурбек Тотонов Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл аймагында улуу акыныбыз Токтогул Сатылгановдун музейи жайгашканын, ал музейге караштуу аймактын 60 сотых жер 2001-жылы жеке менчик тараптарга да берилип кеткенин парламент жыйынында айтып чыкты. Депутат өкмөттөн ушул маселеге көӊүл буруп, текшерүүгө алдырууну өтүндү. Ал азырынча Сатылгановдун музейине караштуу жер тилкесин кимдер «кескилеп» кеткенин ачыктаган жок.

Эгер акындын улуулугун билгендер болсо мындай тескери ишке барбайт эле. Албетте, улуу акындын музейине карашутуу 60 сотых жерди Баткенден, же Нарындан барып «кескилеп» кетишпесе керек, аны Токтогул же, ошол эле аймакка жакын жашагандар менчиктөө аракетин көрүшкөндүр. Балким, бул иштин артында кайсы бир атка минердин делдейген кулагы чыгат чыгаар. Эмнеси болсо да байкай туралычы…
—————————————————————————
Депутат Тотонов мындан тышкары, азыркы учурдагы авариялык абалдагы, эскилиги жеткен Казатов жана Мамыров атындагы орто мектептеринин кейиштүү абалы тууралуу да баса белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here