Марс мырза, сүрөт  музейдеги феминалисттердин иш-чарасынын артында чоӊ күч турат деген кепке сиздин кандай аргументтериӊиз бар? Сиз эми бул маселени да тереӊ талдап чыктыӊыз да…

—Бул батыш тараптын кыргыз элине, элибиздин каада-салтына карата жасалган чагымы болду.  Маалым болгондой, биздин элдин 65-70 пайызга чейинки саны айылда жашайт. Буга чейинки болуп келген митинг, революциялардын баарын шаардыктар эмес, айылдыктар жасап келген. Ошол эле айылдан чыккан чоӊ саясатчыларды айтам.  Бул жагын эч ким жокко чыгара албайт. Шаарда өсүп калгандар азыр  “балконский”, “жер тамский” деп экиге бөлүп башташты. Мунун өзү абдан туура эмес. Батыш цивилизацияга жакын деп  шаардыктарга “”ставка” коюп жатат. Техастагы дин кызматкери Куранды  бир канча жолу өрттөгөндө ага каршы Пакистандан Мараккого чейин көтөрүлбөдүбү. Музейдеги өткөн иш ушул сыяктуу эле долбоор. Мындайча айтканда, алар кыргыз элин “балконский” жана “жер тамский” деп бөлгүлөрү келип жатат. Мисалы, Ширин Айтматова бекеринен шаардыктардын атынан чыгып жаткан жок. Ал саясаттагы “жер тамскийлерди” бөлүп  айтып аларды саясаттан кетирүү керектигин айтып жатпайбы. Эми ошол эле “жер тамский” саясатчылардын ана башында Жээнбековдор, Түлеев, ж.б. турат.

—«Үмүт -2020»  — деп өзүнчө бир уюм катары чыгып, өлкөдөгү  коррупциялык ж.б. көйгөйлөрдү  көтөрүп жаткан Ширин Айтматованын артында Америка турат деп, ал жактан акча алып жатат деген кептер айтылууда. Сиздин байкооӊузда бул сөздөр канчалык деӊгээлде чындыкка дал келет?

Ширин Айтматова өзү эле чыгып калган жери жок. Анын артында менин угушумча Америка турат. Айрым маалыматтарда аны Америкада жаткан Ф. Гүлен  ЦРУ аркылуу колдоого алып жатат деп айтылып жатат. Бирок бул маалымат азырынча жөн гана сөз да болуп калышы да да мүмкүн. Себеби, биз фактыны көрө элекпиз. Бирок Ширин айым өзү батышчыл да. Депутат болуп турганда ЛГБТны  ж.б. колдоп жүргөн да. Деги эле феминизмге басым жасагандардын баары эле батышчыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here