Кечээ күнү УКМК экс-депутат Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдошу Сыргак Кенжебаевди алдамчылыкка тиешеси бар деп кармаганы маалым болгон. Ал эми ИИМ анын дагы бир кылмыш ишинде фигурант экенин билдирди.

Сыргак Кенжебаев аткезчиликке байланыштуу бир иште фигурант катары жүрөт. 2019-жылдын ноябрь айында жергиликтүү ЖМКлар Виктор Гавришев аттуу кыргызстандыктын кайрылуусун жарыялаган. Анда уулу Егор Гавришев жана башка кишилерге мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, жалаа жабуу болуп жатканы айтылган. Гавришев буга Бишкек ШИИБинин тергөөчүсү Урмат Баялиев, Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев жана Россия жараны Сергей Богдановдун тиешеси бар экенин билдирген.

ИИМ 2013-жылы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери менен козголгон иштер жөнүндө болуп жатканын, материалдарда Егор Гавришев 2012-жылдын январынан 2013-жылдын февралына чейин 808 миң долларлык 810 даана спутник телефонун алып кирип, 20,2 миллион сом бажы төлөмүн төлөбөй койгонун билдирген. Документтердин копиясын россиялык Сергей Богданов аттуу жаран берген.

Көп өтпөй Егор Гавришевге «Аткезчилик» жана «Бажы төлөмдөрүнөн качуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Быйылкы жылдын 19-февралында аны «Манас» аэропортунан кармап, үй камагына алышкан.

«Акылдуу шаар» долбооруна катышып, 15 пайыз алмак…

Бүгүн Бишкекте өткөн жыйында Кытайдын жараны экенин айтып, өзүн Мотайлифу Маймайтяминг деп тааныштырган адам ушул жылдын март айында Кыргызстанга келгенин, досу аркылуу Сыргак Кенжебаев менен таанышканын айтты.

«Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кенжебаев менен бизнес өнөктөш болуп долбоордон түшкөн каражаттын 85 пайызын ал, 15 пайзыны Кенжебаев алууга макулдашканын билдирди.

— Ноябрда тендер бүттү. Биз тендерди бүтүрүп берсек, Кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы бизге акы катары 600 миң доллар берет деген келишимибиз бар болчу. Сыргак Кенжебаев алдамчылык кыла баштады. 350 миң доллар алып паспортумду декабрь айында берди. Мага акчамды бер десем бербей жатат, — деди Маймайтяминг.

Кенжебаев көп компанияларга жетекчилик кылган…

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестриндеги маалыматтар боюнча Сыргак Кенжебаевге таандык беш компания бар. Ал 37 жашта. «Ак-Тилек» деп аталган белгисиз партияга мүчө.

2013-жылдары Камсыздандыруучулар ассоциациясынын төрагасы болуп иштеген. 2018-жылдары Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары болгон.

ЖМКларга 2016-жылдары чыккан маалыматтар боюнча, Кенжебаев «Страховая компания «Арсеналъ-Кыргызстан» ЖЧКсын жетектеген. Аталган компания 2017-жылы кайра каттоодон өтүп, жетекчиси Арзыматов Сыргак Жумадилович болгон. Ал өмүрдү камсыздандыруу менен алектенет.

Сыргак Кенжебаев жетекчилик кылган компаниялар боюнча Юцтиция министрлигиндеги каттоого алынган маалымат:

«АГЭСИА» Жоопкерчилиги чектелген коому. Негизги ишмердиги — борбордук кеңселердин ишмердигине байланышкан (Основной вид деятельности — Деятельность центральных офисов). Компания 2015-жылы кайра каттоодон өткөн.

«Кыргызстан автомобилисттеринин кыймылы» Республикалык коомдук бирикмеси. Бул мекеме коомдук иштер менен алектенери жазылган. Ал 2007-жылы каттоодон өткөн.

«ЮниЛаб Ритейл» жоопкерчилиги чектелген коому. Негизинен өсүмдүк өстүрүү жаатында түрдүү кызматтарды сунуштайт. Компания 2015-жылы катталган.

«Кыргыз кайра камсыздандыруу компаниясы» Ачык акционердик коому, 2009-жылы катталган.

«Сапфир» жоопкерчилиги чектелген коому, 2019-жылы 11-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Негизинен дүң соода боюнча иш алып барары жазылган. Негиздөөчү (катышуучулары) катары Мотайлифу Маймайтяминг менен Ерланбай Телеушев Колдыбаевич көрсөтүлгөн.

Э

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here