Бишкектеги коомдук транспортторго электрондук билеттер кийинки жумадан тартып сатыла баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта: системаны текшерүү үчүн 2 миң даана билеттер сатылат. Алар адегенде тесттик режимде иштей турганы белгиленген.

Буга чейин Бишкекте коомдук унаада жүрүү үчүн электрондук билеттерди колдонуу 2020-жылдан баштап иштейт деп кабарланган.

Маалыматта: «Коомдук транспорттогу электрондук билет» системасын ишке киргизүү боюнча тендерди швейцариялык компания утуп алган. Анын алкагында банктык эмес төлөм карталарынын үч түрү чыгарылат.

Биринчи: Унаада акысыз жүрүү үчүн карталар категориясы;

Экинчи: Окуучулар үчүн жеңилдетилген карта;

Үчүнчү: кадимки жеңилдиктери жок төлөм карталары.

Бул карталар бири-биринен аталышы жана дизайны менен айырмаланат. Пенсионерлер үчүн атайын жеңилдетилген категориядагы карталар чыгарылат. Компания социалдык фондко сурам жөнөтүп, пенсионерлердин жана жеңилдетилген категория берилчү адамдардын маалыматын тактоодо», — деп айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here