Учурда Бишкекте “Республика” партиясынын кезексиз съезди өтүп жатат. Күн тартибинде партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүн жана лидерди алмаштыруу.

Күн тартибинде саясий кеңештин мүчөлөрүнүн саны 28ден 17ге кыскартылып, жаңы курам шайланды.

Партия лидери Өмүрбек Бабанов бул жыйында саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканын айтып, байракты жаңы муунга өткөрүп берүүгө, жүрөккө жаккан башка тармактарда иштөөгө убакыт жеткенин билдирип, партияга жаңы лидер катары Мирлан Жээнчороевди көрөрүн кошумчалады. Ошентип, Бабановдун сунушу менен Жээнчоров партиянын жаңы жетекчиси болуп шайланды. Жээнчороев Бабановдун эӊ ишенимдүү кишиси. Парламентте активдүү депутаттардын бири.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here