Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакта жаткан жансакчысы Канат Сагымбаев «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевдин СВД куралынан атылган октон каза тапканын четке какты. анын бул билдирүүсүн КСДП партиясы таратты.

Сагымбаев билдирүүсүндө «СВД куралы үйдүн 3-кабатында болгон. Эмне үчүн 3-кабаттан 2-кабатка чейин бир да тамчы кандын изи жок? 7.62 ЛПС огунан жараат алган адамдын каны кыйла төгүлмөк. Буга чейин жогорудагы адамды 5.45 АК – 74 үлгүсүндөгү куралдан жарадар болгон деп өзүңөр билдирүү тараткан элеңер, эми таптакыр башкача айтып жатасыңар, эмне үчүн?» деген бир нече суроо берген.

Ал Ниязбековдун өлүмү боюнча Атамбаевге жана ага коюлуп жаткан айып негизсиз экенин, «Альфанын» кызматкерине кайсы куралдан ок атылганы боюнча экспертизага аны катыштырбай коюшканын кошумчалаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here