—Элкинбек мырза,  Чүй облусунун бардык тармактар боюнча жетишкендиктери менен артыкчылыктары боюнча кеп кылсак. Жалпысынан быйылкы көрсөткүчтү айтып берсеӊиз?

Чүй облусу жалпыга маалым болгондой Кыргызстандын жалпы экономикасынын локомотиви болуп эсептелет да. Мисалы, быйыл 10 айдын жыйынтыгы менен  республиканын жалпы өндүрүшүнүн 44  пайыздан ашыгын  биздин облус бере алды. Негизи бул көрсөткүч  жылдын аягында (12 айда) 46 пайыздын тегерегинде болот.   Акча жагынан санап айтсак,  өндүргөн товарлар 100 млрд. сомдон ашып кетти. Ал эми айыл чарба тармагындагы көрсөткүчүбүз жалпы республиканын айыл чарбасынын 26 пайызын түзүп жатат.  Чүй облусунда Токмок менен Кара-Балта шаарлары  борбордук өндүрүш шаарлары болуп эсептелет. Ал эми тегерегиндеги райондор өндүрүштү камсыз кылып келишет. Мына ушул багыт өнүгүү программабыздын бир бөлүгү.

—Аталган эки шаарды өндүрүштүн борбору деп сыймыктанып  айта алабызбы? Себеби, ал шаарларда мурункудай күркүрөгөн завод-фабрикалар жок да. Болсо да аз санда болуп жатпайбы…

—Өндүрүштүн борбору деп эч тартынбай эле айтсак болот. Бүгүнкү күндө бизде 192 өндүрүштүк   ири жана чакан жана  ишканалар  бар. Орто ишканаларда  50 киши эмгектенсе,  чоӊ ишканаларда  1000 кишиге чейин эмгектенишет.  Бул ишканалар  жогоруда айтылган 100 млрд. сомдон ашуун кирешени берип жатат.

 Чүй  Кыргызстандын жүрөгү, борбору болгондуктан ички миграция абдан көп. Биздин   8 район, бир шаарыбызда расмий катталган элдин саны 960 миӊ деп жүрөбүз. Каттоодон тышкары, 1,5 миллионго чейин эл бар.  Мына ушунча  элди Чүй облусу социалдык, экономикалык жактан камсыздап, жашоого шарт түзүп турат десем эч жаӊылшпайм.

—Ошондой болсо да чечилбей келаткан социалдык көйгөйлөр көп да…

—Чүй облусунда 324  мектеп, 160ка жакын бала бакча бар. Бирок жетишпейт. Көптөгөн  мектептерибиз эски жана сыйымдуулугу да  талапка жооп бербейт. Мына өткөн жумада премьер – министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көлмө айылында салына турган мектептин фундаментине капсула салды. Ошол айылдагы 1968-жылы  190 окуучуга эсептелип салынган мектепте эртеӊ мененки саат 7ден кечки саат 7ге чейин   4 смен менен 2000 бала окуп жатат. Мындай көрүнүштөр бизде көп. Бүгүнкү күндө облуста салынып жаткан мектептердин саны 20дан ашуун. Алды 10 жылдан бери бүтө электер да бар. Быйыл 4 мектеп колдонууга берилди. Жакында дагы 3-4 мектеп даяр болуп калды.

—Бир мисал айтайын, Военно-Антоновка мектеби 2012-жылдан бери бүтпөй  келатат?  Себеби, башында долбоорлоп жатканда туура эмес кылып алышканы айтылган…

—Туура. Долбоорлошкондо ал мектепке көп нерселер кирбей калыптыр. Анын үстүнө мектеп  курулган жер сууга жакын болуп, бир аз көйгөй жаратканда, жерди тереӊ казып, пайдубалын кайра куюп, талапка ылайык куруу үчүн бир топ өзгөртүүлөр болду. Ошондой иштер кошулуп, анан чыгымы көбөйгөндөн улам  салып бүтүү мөөнөтү да узарып кетти. Ал мектептин курулушу менен премьер –министрибиз барып, таанышып, өзүнүн тапшырмасын берип кеткен. Буйруса, ал мектеп кийинки  окуу жылына толук даяр болот.

Чүй облусунда миллионер айыл өкмөттөр тууралуу көп кеп болуп калат. Ошол эле учурда  дотацияда  олтурган айыл өкмөттөр да арбын. Мына ушул боюнча маалымат берсеӊиз?

—Чүй облусунда  105 айыл өкмөт бар. Анын 68и дотацияда. Алар негизинен тоо этегинде жайгашкан айыл өкмөттөр болуп эсептелет.  Биз 2023-жылга чейин Кудай буйруса, 20 айыл өкмөттү дотациядан чыгаралы деп максат кылып, чоӊ программа кабыл алганбыз.  Мисалы, быйылкы жылдын эсебинен 2  айыл өкмөттү дотациядан чыгарууга даярдап жатабыз.    Өзүӊ айткандай миллионер айыл өкмөттөр да  көп. Мисалы, Лебединовка айыл өкмөтүн алсак,  быйыл  өздүк каражатынан 22 миллион сомго заманбап административдик имарат салды. Мына ушундан эле бул айыл өкмөттүн жакшы иштеп жатканын билсек болот. Ленин, Крупский, Сокулук, Беловдский Ново-Павловка, Военно-Антоновка айыл өкмөттөрү да алдыӊкы айыл өкмөттөр. Акыркы аталган эки айыл өкмөт өздөрүнүн каражаттарына бала-бакча курушту. Аталган айрым айыл өкмөттөрдүн бюджети  40 млн, 100 жана 120 миллион сомго чейин.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here