—Элкинбек мырза, Чүй облусу республика боюнча алганда жалпы айыл чарбанын 26 пайызын камсыздайт деп айттыӊыз. Мына ушул маселе боюнча  кененирээк айтсаӊыз. Жыл өткөн сайын, картошка, буудай ж.б. айыл чарба азыктарынын айдалышы азайып баратканы айтылууда…

—Азайып кетти деп мен айта албас элем. Негизи республикадагы кылкандуу дан эгиндеринин көп түшүмү Чүйдөн алынат. Акыркы 3 жылдан бери түшүмдү бирдей эле көлөмдө алып келатабыз. Так маалымат айтсам, жылына   буудайды 300 миӊ тоннанын тегерегинде беребиз.  Буудай ж.б. дан азыктарынын башка сапаттуу түрүн көбөйтүүгө басым жасап жатабыз. Буга мисал катары “Тазажан” үрөн чарбасынын жасап жаткан ишин айтсак болот. Ал эми картошканы мурункуда көп көлөмдө айдалбай калды.  Быйыл ашып кетсе  10 миӊ гектар жерге айдалды. Жүгөрү болсо мурункудай эле көп көлөмдө, атап айтканда 33 миӊ гектар жерге айдалып, түшүмү жакшы болду. Өзүӊөр жакшы билесиӊер, Чүйдө кант кызылчасы абдан жакшы айдалып, түшүмдүүлүгү да жакшы болот. Бир нече жылдан бери “Кайыӊды-Кант” менен  “Кошой” заводдору Орус-Кыргыз фондунан насыя алышып, жабдыктарын жаӊыртып, талапка ылайык иштеп баштаган. Түшүм жыйналып жаткан маалда 1000ден ашуун адам иш иштейт. Түшүм жыйналбаган учурда  жумушчулардын саны азайып турат.

  Бул эки завод биригип 700 тонна кант кызылчасын кайра иштетүүгө кудуреттүү. Кант кызылчасынын аянты мурункудан  бир аз азайганы менен түшүмдүлүүгү азайган жок. Себеби, сапатка басым жасалып, эки заводду толук камсыздоого жетип жатат. Былтыр 698 тонна алсак, быйыл дагы жалпы түшүм ушундай эле көлөмдө болду. Бир гектардан орточо түшүм 440-460  центнерге чейин жетти. Чынында союз учурунда да мындай көрсөткүч болгон эмес.  Биринчиден мындай көрсөткүчкө  сапаттуу үрөн, экинчиден жаӊы техниканын мүмкүнчүлүгүнөн улам жетишип жатабыз.

—Жакында Жогорку Кеӊештин депутаты Бакыт Жетигенов кумшекер башка өлкөлөрдөн контрабандалык жол менен көп көлөмдө  ташылып кирип, базарда арзан сатылып жатканын, анын кесепетинен  кызылча заводдорубуз пайдага эмес, чыгымга иштеп, банкроттук абалга кептелүү коркунучу турганын айтып, өкмөткө коӊгуроо какты. Бул эми жөн эле айтылган кеп эмес. Ушундай коркунуч бар да…

—Ооба, ушундай коркунуч бар. Чынында сырттан  кумшекер ар кандай жол менен көп көлөмдө кирип жаткандыктан өзүбүздүн дыйкандарыбыз менен заводдорубуздун кирешени көп табышына тоскоолдук жаратып жатат да. Бул маселенин саясатын жүргүзгөн тиешелүү мекемелердин негизги иши болуш керек. Албетте, бул маселени өзүнүн механизмдери менен өзүнүн жолуна салып, дыйкандарыбызга толук шартты түзүп беришибиз керек.

—Чүй облусунда чечилбеген эӊ чоӊ көйгөйдү  белгилеп кетсеӊиз?

—Жогоруда социалдык көйгөйлөрдү айттык. Андан башка жерлердин элдин колуна мыйзамсыз өтүп кеткени, аны кайра ордуна коюу маселеси биз үчүн чоӊ көйгөй. Анткени, ал жерлерге жаӊы конуштар түшүп калды да. Андай жерлердин баары теӊ 2010-жылга чейин болгон басылып алынган. Ошол жылдан бери ушул убакка чейин мыйзамдаштырылган жок да. Буга чейин 1 гектар жерди  5 сотыхдан бөлүп саткан учурлар көп болгон. Азыр 5 гектардан кем жерди антип майдалап бөлүүгө уруксат жок.  Бул жер маселеси боюнча да көп иштер жүргүзүлүп жатат.

                Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here