Россия Федерациясынан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйкөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул маселе кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.

Макулдашуулардан кийин «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражаттарын трансчекаралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублди түзөт.

Эске сала кетсек, быйыл апрелде Орусиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө киргизилген. Буга байланыштуу мигранттар арасында жана Кыргызстандагы ишкерлерде нааразылыктар жаралып, акча которуулар дагы мурункудан азая баштаган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here