Россиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.. 

«Натыйжада «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражатын трансчекаралык которуусунун шарты өзгөрдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублди түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Россия жазында Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга акча которуу боюнча чектөө киргизген. Россиялык ЖМКлар өз булактарына таянып, мындай жол менен көмүскө экономика, анын ичинде каттоосу жок ишкерлик менен күрөшүү жүрүп жатканын жазышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here