Учурда прокуратура кызматкерлери заманга жараша жүк көтөрүп, бир топ эле оор, түйшүктүү ишти аркалап келатышат. Жаңы чыккан ар бир мыйзамдын аткарылышынын өзүнө тиешелүү механизмдери болот. Ал эми прокурор болсо өзүнүн укугунун негизинде ошол мыйзамдардын талаптагыдай аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Бул багытта   Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук прокуратурасынын прокурору  Алтынбек Жолдошбеков жетекчилик кылган райондук прокуратуранын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, КР мыйзамдарын талаптарын иш жүзүнө ашырып, Башкы прокурордун көрсөтмөлөрүн так жана туура аткарып, мыйзамдуулукту бардык тармакта коргоо, кылмышкерлерге каршы күрөштө прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнү иш жүзүнө ашырып келишет. Алтынбек Жолдошбековичге Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2019-жылдын 9 айында жашы жете электерге карата каралган жазык иштери жөнүндө маек куруп берүүсүн өтүндүк.

—Жашы жете электердин кылмыш иштерин тергөөдө прокурордук көзөмөл жүргүзүүнүн абалы туралуу айта кетсеңиз?

—Прокурор, соттук териштирүүдө катышууда, кылмыштын жагдайын аныктоо менен чогуу жашы жете электин жашоо шартын үй-бүлөдө, мектепте, өндүрүштө алып жаткан тарбиясын аныктайт. Эгерде жашы жете элек алкоголдуу баңги зат каражаттарын же башка маң заттарын пайдалануу менен мас абалында кылмыш жасаган болсо, прокурор алардын кайсы жерден алынгандыгын тактоо менен, жашы жете элек качан жана ким тарабынан спирт ичимдигине же баңги затына үйрөнгөнүн тактайт. Соттук териштирүүдө, жашы жете электин чоң кылмышкер кишилер тарабынан кылмыштуу ишке тартуу мүмкүндүгү жөнүндө маселеге көңүл бурулат.

—Прокурор өзүнүн айыптоо корутундусун окууда кайсы жагын аныкташы керек?

—Прокурор өзүнүн айыптоо сөзүндө жашы жете электин кылмыштуу оюн пайдалуу жагын терең аргументтеп, адамдын инсандыгынын калыптанышына таасир көрсөткөн жагдайды аныктоосу зарыл. Кылмыш жасаган жашы жете электе жазанын түрүн жана чарасын аныктоодо прокурор аны коомдон бөлбөстөн, эркиндигинен ажыратуу жазасын өзгөчө учурда колдонууну эске алып, өспүрүмдү кайра тарбиялоо мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруусу зарыл. Адамдардын тобу тарабынан жасалган кылмыш боюнча прокурор ар бир адамдын ролун аныктайт.

—Жашы жете электер кылмыш жазасына тартылууда кандай мыйзамдар колдонулат?

—Жашы жете элекке карата мыйзам эң жогорку жаза- өмүр бою эркиндигинен ажыратууну колдонууга тыюу салат. Жашы жете электерге кылмыштардын жыйындысы же өкүмдөрдун жыйындысы боюнча жаза дайындоодо жазанын максималдуу мөөнөтү 10 жылдан, ал эми кылмыштардын жыйындысы боюнча жасалган кылмыштардын бири же андан ашыгы өзгөчө оор болсо, 12 жылдан ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругунун талаптарына ылайык, жашы жете электердин жазык иштери боюнча мамлекеттик айыптоону прокурор же болбосо анын орун басары колдойт.

—Үстүбүздөгү жылдын 9 айында райондук соту тарабынан кайсы категория  боюнча жазык иштери каралып, ал боюнча мисал келтире кетсеңиз?

—2019-жылдын 9 айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан аталган категория боюнча 16 (100%) жашы жете электерге карата 15 (100%) жазык иши каралган. Алардын ичинен 12 (75%) жашы жете электерге карата 12 (80%) жазык иши ар кандай негиздер менен өндүрүштөн кыскартылса, 4 (25%) жашы жете электерге карата 3 (20%) жазык иши боюнча айыптоо өкүмдөрү кабыл алынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган айыптоо өкүмдөр менен бир да жашы жете элек эркиндигинен ажыратылган эмес. 1 жашы жете элекке карата 1 жазык иши боюнча райондук прокуратура тарабынан апелляциялык сунуш келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен Бишкек шаардык соту тарабынан 1 инстанциядагы соттун жазык ишти кыскартуу жөнүндө токтому жокко чыгарылып, ал жазык иш кайрадан кароо үчүн райондук сотко жиберилген. Мисалы: 2019-жылдын 3 апрелинде Т.Т. тергөө учурунда өздүгү аныкталбаган “С” жана “А” аттуу балдар менен алдын ала макулдашып Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинен жашы жете элек жабырлануучу Б.И. коркутуп ага тиешелүү 11 миӊ 800 сомдук “Самсунг Ж-4” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган. Мындан тышкары 2019-жылдын 6-апрелинде Т.Т. тергөө учурунда өздүгү аныкталбаган “С” жана “А” аттуу балдар менен алдын ала макулдашып, Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен  жашы жете элек Т.А. аттуу жабырлануучуну  коркутуп, ага тиешелүү 70 000 сомдук “Айфон Х” үлгүсүндөгү уюлдук телофонун ачык түрдө тартып алышкан. Ушуну менен токтоп калбастан, 2019-жылдын 23 апрелинде Т.Т. Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда жайгашкан “Кампа КG” дүкөнүнүн жанында жашы жете элек жабырлануучу С.О. коркутуп, ага тиешелүу 15 000 миң сомдук “Айфон 6+” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жыйнтыгы менен Кыргыз Республикасынын ЖКнын 201-бер. 2-б. 1,2-п.п, 201-бер. 2-б, 1,2-п жана 201-бер, 2-б, 2-п боюнча көрсөтүлгөн кылмыштарга Т.Т. шектүү экени жөнүндө кабарлама берилип, жазык иш райондук сотко кароо үчүн жөнөтүлгөн.

—Сот тарабынан кандай  өкүм чыкты?

—2-19-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Т.Т. Кыргыз Республикасынын ЖКнин (тоноо) 211-бер, 2-б, 1,2-п.п, 201-бер, 1,2-п жана 201-бер. 2-б, 2-п менен күнөөлүү деп табылып КР ЖКнин 78-бер. ( кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизиндн 30 000 сом айып пул салуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. КР ЖКнин 83-беренесинин негизинде 1 жыл пробациялык көзөмөл дайындалган. Маек соңунда айтарым, балдарды кароосуз калтыра берсек келечекте тартип бузуучулардын калың армиясын түзүп жаткан болобуз. Ошондуктан өспүрүм курагына жашы жете электерге жеткиликтүү катуу көзөмөл жургүзүп, кылмыштуу топко аралаштырбай,жашы жете электердин баскан турганына көзөмөлгө алып, мектеп окуучулар арасында кылмыштулук боюнча дамамат дарс окулуп, кылмыштуулукту тизгиндеп турушубуз керек.

—Жыл жаңырганы турат эли-журтуңузга каалоо-тилегиңиз?

—Учурдан пайдаланып мамлекетибиздеги бейпилдикти, тынчтыкты камсыз кылууга, кылмыштуулуктун алдын алууга, мыйзамдуулуктун так сакталышына салымдарын кошуп келаткан прокуратура кызматкерлерин, мекендештеримди алдыда келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бактылуу турмуш, иштерине албан ийгиликтерди каалаймын. Бар болуӊуздар!

                                                                                                           Арген  АСАНОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here