—Марс мырза, Матраимовдор  үч медиага 60 млн. сом доо коюп, сот аркылуу дароо банктагы эсептерин камакка алдырып койгон аракети коомчулукта катуу сынга алынган соӊ кайра эки күндөн кийин банктагы эсебин камакка алдыруудан баш тартууга аргасыз болушуп, жазган арызын тартып алды. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Бул эми демократиялык өлкө үчүн теӊирден тескери иш. Сот  бийлик үчүн таасирдүү адамдарга ушундай пайдалуу чечимди чагылгандай тездик менен чыгарып берип жатканы сот системасынын мыйзамга каршы теӊирден тескери иштеп жатканынан ачык-айкын кабар берет. Жээнбеков үчүн Матраимовдорго каршы чыгып, эл талабын аткаруу – чоӊ саясый иш.  Түндүккө караганда түштүк жакта менталитет кичине башкача, ал  аймактан чыккан саясатчылар ошол менталитеттин негизинде бири—бирин тымызын да, ачык да колдошуп, ынтымактуу болгонго аракет кылып жатышканы байкалат. Ал саясатчылар элди алганга, элдин колдоосуна жеткенге чоӊ аракет кылышып, бул жагынан эч нерсени аянбаганга  кадам жасашат. Албетте, баары эмес, көбүрөөгү десек болот. Матраимовдор дагы ошол жол менен баратышат. Бир топ жылдан бери, элди алып айылдардагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чоӊ аракет кылып келишет. Мисалы, суу чыгаруу, бала – бакча  куруу, спорттук оюндарды өткөрүү, муктаждарга акчалай жардам берүү ж.б. Бирок бул маселеде акчаны өздөрүнүн мээнети менен таптыбы, же башка булактан келдиби, бул жагы чоӊ суроо жана башка маселе. Ушундай  эле жол менен Жээнбековго да таасирдүү адам болуп алганы, президенттик шайлоодо 36 миллион долларга чейин каражат бергени эл ичинде байма-бай айтылып жатпайбы. Мунун баары бекеринен айтылып жаткан жок. Себеби, Жээнбеков деле бир адамдын эмгеги мынчалык өтпөсө ага көз каранды болуп калгыдай  жаш саясатчы эмес. Анын да тажрыйбасы бар.  Дагы бир мисалы, түндүк жакта Түлеев, же Кадырбековдор камалган учурда эл  көтөрүлүп чыккан жок. Ал эми ошол эле  түштүктө Келдибеков, Ташиев ж.б. чыккан кезде эл митингге чыгып, Келдибековдун жактоочулары бир нече күн бою Эркечтамды жаап, мамлекетке экономикалык жактан зыян кылышты да. Эгер Жээнбеков азыр чечкиндүү кадамга барып, Матраимов Раимди камаса,  түштүк жактагы эл аны сыйлабай калат деп кооптонуп чыгат. Анын үстүнө Матраимовдор акчанын  күчүнө салып, түштүктө чоӊ митингдерди уюштурушу мүмкүн деп да ойлоп жатышат го…

—Элдин ишениминен чыгып бараткан бийлик биринчи кезекте сөз эркиндигин кысымга алып,  “Азаттык” баштаган ЖМКлардын оозун жабуу аракетинин аркасы буга чейин жакшылык менен бүтпөгөнүн эл дагы, азыркы бийлик да жакшы билет. Мунун арты , революция, кан төгүү ж.б.   жакшы эмес окуяларга алып барганын өткөн саясый тарыхыбызда бадырайып жазылып турат. Бийлик эмне үчүн өткөндөн сабак албай, ошол  тескери жолду багыттап жатат?

—Матраимовдор албетте, азырынча толук иликтенип бүтө элек.  Бул ишти азыраак күч аягына толук чыгара албайт. Алардын аракетин ФБР, же ЦРУ иликтеп казмайынча,  (Дубайдагы, Түркиядагы  бизнес, ишкерлик ж.б. аракеттерин эске алганда)  чоӊ жыйынтыктардын чыгышы да кыйын. Американын мамлекеттик департаменти да  бул ишке кызыкдар да. Себеби, Америка Матраимовдордун коррупциялык ишин  айныгыс далилдер менен  ачыктап алып  элге чыкса, Жээнбековдун бийлигине чоӊ  сокку болорун жакшы билип турат. Балким ошол аракети менен азыркы бийликти алмаштыргылары келет. Бул жагы да азырынча көп ачыктала элек, божомолдор десек болот. Ал эми азыркы бийликтин сиз айткан ЖМКларды кысымга алып, өткөндөн сабак албай жатканы мамлекетти толук кандуу өзгөртүүдөн, чоӊ реформа жасоодон алыс  турганы деп түшүнүп жатам.

Жээнбеков барган сайын туӊгуюкка такалып жатканы байкалып турат. Анын алдында эки эле жол турат. Ажо эми мамлекетти же РАИММИЛЛИАРДды тандашы керек  болуп калды. Сиз Раимди каматканга барбайт деп жатасыз. Анда мунун арты эмне менен бүтөт?

Туура айтасыӊар, азыр Жээнбеков  орусча айтканда “тупикке”  такалып жатат. Саясый эрк болсо, абдан чечкиндүү аракеттерге барса, ал “тупиктен” чыкмак. Бирок мына 2 жыл мөөнөтү өтүп кетти. Алдыда 3 эле жылы калды. Анткени,  кызматтык мөөнөттүн  бир, бир жарым жылы калганда  чоӊ саясатта “хромая утка” деген түшүнүк бар.  Жээнбековго саясатта   Матраимовдор маселесинен башка да баш оорулар бар. Мисалы, экономиканын алсырашы, коррупция менен күрөштүн жакшы жүрбөй жатканы ж.б. айтса абдан көп. Ал эми ЖЭБ ж.б.  кылмыштар боюнча ал көбүнчө түндүктөн чыккан саясатчыларды түрмөгө олтургузду. Бул жагынан алганда жалпы ынтымакка доо кетиши да ыктымал. Сапар Исаков  акыркы сөзүндө “Жалаӊ түндүктөн болуп кетпесин де, түштүктөн Жантөрө Сатыбалдиевди  камашты”-деп бекеринен айткан жок. Бир сөз менен айтканда,  эми Жээнбеков кыска убакыттын ичинде  күчү жетсе Сингапурдун лидери Ли Куан  Юдай болуп, жалпы улуттук лидер болушу керек, же бир ууч кызыкчылыктын жолу менен кете берсе арты жакшы менен бүтпөйт. Чындыкты жашырбай айталы, бул темп менен Кыргызстан Украиналык  сценарийине жакындап баратат…

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here