Кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди утуп алган. Андан кийин укук коргоо органдары аталган компаниянын ишмердүүлүгүн текшерип чыгып, ага ишенсе боло тургандыгын билдирген. Бизге жеткен маалыматтар боюнча азыркы күнгө чейин Shenzhen Sunwin Intelligent Co компаниясынын Кыргызстанда офиси ачыла элек. Тендерден утуп алганына бир топ убакыт болгон компаниянын бүгүнкү күнгө чейин офисинин ачыла электигин эске алсак, «Коопсуз шаар-2» долбоору ЖЭБ окуясын кайталап калбайбы деген ой туулат… Биринчи этапты Россиянын “Вега” компаниясы ишке ашырып, жалпысынан 300дөн ашуун камера орнотту. Бирок абдан кымбат баага. Кытайлыктар эми экинчи этапта республика боюнча  абдан көп камераларды орнотушмакчы.

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here