Суусамыр өрөөнүндө жаңы эле таанышкан адамды өлтүрүп койду деп шектелип, 23 жаштагы малчы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Окуя ушул жылдын 18-октябрында болгон.

Төргөө маалында маркум Кожомкул айылына жакын жердеги сарайда мал багып иштеген 37 жаштагы К.К. экени аныкталган.

«Ал ошол күнү 23 жаштагы Р.Б. аттуу малчы менен таанышып, экөө арак ичип отуруп уруша кетиптир. Р.Б. бөтөлкөлөшүн сабап, колу-бутун таңып салган. Андан соң оозуна баш кийимин тыгып койгон. Качан гана ал жан бергенде сөөктүн үстүнө автоунаанын дөңгөлөгүн бастырып коюп кетип калган», — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция шектүүнү Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here