16-декабрда Бишкектин шаардык соту Молдомуса Конгантиев боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондо ал эки соттон “аппак” болуп акталды дегенди түшүндүрөт.

Быйыл  5-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп таап,  ага сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан алынган. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу”, “Шалаакылык” беренелери боюнча айып тагылган. Бакиевдин берилген бекем кишиси, Жээнбековго да катуу берилип, Жээнбеков да ага берилип, экөө президенттик шайлоо учурунда  жан бирге “дос” болуп кетишкен. Анан жан досу жеткен «жалаӊкыч» болсо да Жээнбеков кантип каматат?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here