Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде бүгүн Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө маалымат октябрь айында чыккан. Өзү болсо ал маалыматты бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан.

Бекназаров баштаган Элдик курултай кыймылынын мүчөлөрү акыркы жылдары бийликти конституциялык реформага жасоого чакырып, шайлоо системасын өзгөртүүгө үндөп, иштетилип жаткан кендерде өлкөнүн үлүшү сөзсүз болушу керек деген талаптарды коюп келет.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here