Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кезектеги жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. Комитеттин жыйыны жабык эшик артында өттү.

Аталган комитеттин 12 мүчөсү Бекназаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирсе, депутат Ирина Карамушкина жалгыз каршы добуш берип, ага англис тилинде суроо узаткан. Бекназаров бул жыйында Англияга элчи болгон Байсаловго карата сын айткан. Ошондой эле ал малай тилинен 200-300 сөз жаттап алып, малайлыктар менен сүйлөшө турганын айткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here