Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда талкууга жем таштаган эле. Окуя тууралуу Кыргыз финансы министрлигинин басма сөз кызматынан төмөндөгүдөй комментарий бериши.

«Учурда Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Сауд Арабиясында өтүп жаткан иш-чарага расмий өкүл катары катышууда. Сапардын алкагында, Ысык-Көл айланма жолун кайра куруу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кредиттик келишимге кол коюлду. Сауд Арабиясында аялдарга дене-мүчөсүн, чачын жапкан абайя стилиндеги көйнөк кийүү талабы бар. Министр дипломаттык этикетти сактап, кабыл алуучу тараптын диний өзгөчөлүктөрүнө, салт-санаасына, маданиятына сый менен карайт. Дипломатиялык этикетти сактоо маданиятты сыйлоо болуп саналат», — деп жазылат билдирүүдө.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here