Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосун, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы жонунан 60 млн сомдук доо койду.  

Ал бажы кызматында 1997-жылдан тарта 2017-жылга иштеп келген. Расмий маалыматка ылайык, анын кошумча киреше булагы болгон эмес. Буга карабай, Матраимовдун чыгымдары таң каларлык. Маселен, экс-бажы кызматкеринин жубайынын атына жалпы жонунан 12,5 млн сомду түзгөн кыймылсыз мүлк Дубайда катталганын буга чейин  ЖМКлар кабарлаган.

Ал эми экс-чиновниктин “майда-чүйдө” чыгымын Factcheck.kg иликтеп көрдү. Ал үчүн Матраимовдун жубайынын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүнө көз чаптырдык. 

Алгач расмий маалыматка кайрылсак: Райымбек Матраимов мамлекеттик кызматкер катары эки ирет, 2015 жана 2016-жылдары декларация тапшырган.

 2015-жыл

2015-жылкы тапшырган декларациясында 56,7 чарчы метрлик батир көрсөтүлүп, жылдык киреше 587,4 миң сомду же айына орто эсеп менен  49 миң сомду түзгөн. 

Ал эми Матраимовдун жакын туугандары ал жылы киреше тапкан эмес. 

2016-жыл 

2016-жылы чиновниктин эмгек акысы кыйла көтөрүлүп, айына 71 миң сомду түзөт, ал эми кыймылсыз мүлктүн катарын жаңы коттедж толуктайт. Мындан тышкары, Матраимовдун жакынкы тууганы жыл ичинде 12,6 млн сом киреше табат.

Чыгымдар

Декларацияда 7 млн сомдук чыгым көрсөтүлүп, аянты 190 чарчы метрди түзгөн жаңы коттедж пайда болгону тууралуу маалымат бар.  

Дал ушул жылдары Матраимовдун жубайынын бакубат жашоосун социалдык тармактардагы сүрөттөр тастыктайт.  

Матраимовдун жубайынынын сүрөттөрүндөгү  кийим-кече жана аксессуарлар  “люкс”  классындагы дүйнөлүк бренддерге куюп койгондой окшош.

Өзүн Аманда деп атаган Уулкан Тургунова гүлдесте менен колунун сүрөтүн соцтармактарга 2015-жылдын октябрь айында жүктөгөн. Бир гана сүрөттөгү аксессуарлардын баасы млн сомдон ашкан.  Cartier браслеттери кадимки жана ак алтындан бриллиант кошулуп жасалган. Алардын баасын бириктиргенде  Райымбек Матраимовдун жылдык (2015-жылга карата) кирешесинен дээрлик эки эсе жогору. 

*Браслеттен башка зергер буюмдардын баасын билүү мүмкүн болгон жок.

2015-жылдын 15-апрелинде Аманда Тургунова белекке алган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаанын сүрөтүн жарыялап “подарок от … (үч жүрөкчө)” деп жазган. Темир тулпар Матраимовдун декларациясында көрсөтүлгөндүктөн, ал 2014-жылга таандык экенин аныктайбыз. Ачык булактардан унаанын орточо баасы 4,5 млн сомдон жогорку экенине ынанабыз.

Алтын сааттар

Соцтармактардагы сүрөттөрдөн улам Матаримовдун жубайы түрдүү кол сааттарга жакын экенин билсе болот. Алардын арасынан “люкс” классындагы Hublot аттуу швейцар сааты көп кездешет. 

Мындан тышкары, Rolex аттуу бриллиант саатынын  да сүрөтү бар.  

Ал эми италиялык Bulgari компаниясына таандык жылан сымал сааттын баасы 979 миң сом.  

 Cartier саатын 1 376 045 сомго сатып алса болот.  

*2016 жана 2017-жылдары жүктөлгөн сүрөттөрдөгү сааттардын баасы Райымбек Матраимовдун 2016-жылкы кирешеси менен салыштырылган. 

 Chanel сааты 1 396 964 сом турат.

Chapard сааты 1,2 млн cом.

Chapard саатын 1,3 млн  сомго алса болот.

Ал эми Райымбек Матраимовдун уулу тагынган саатка куюп койгондой окшош кол сааттар 14 800 евро турат.

Ачык булактардан алынган сүрөттөрдөгү гана сааттарга окшош болгон кол сааттардын баасы жалпы жонунан 12,4 млн сомду түзөт. Эң кызыгы, Райымбек Матраимов 3 ЖМКны сотко берген учурда кадыр-баркына шек келтирген үчүн Kloop.kg редакциясына 12,5 млн сомдук доо койгон. Бул акча каражат Матраимовдун бажы кызматында алган расмий 14 айлык акысына барабар.

Белгилей кетчү жагдай, соцтармактарга жүктөлгөн сүрөттөрдөгү  бир нече сааттын баасы бул макалага киргизилген эмес. Себеби, айрым сааттар сүрөттө майда чыгып калгандыктан, алардын аталышын аныктоо мүмкүн болгон жок. 

Кийим-кече

Тургунова  Dolce&Gabbana брендине таандык делген кийим-кечени жактырат. Анын сүрөттөрүнүн арасынан атактуу дүйнөлүк бренддерге куюп койгондой окшош болгон 30 дан ашуун кийим-кече, сумка, бут кийим жана аксессуарлар табылган. 

Маселен, Dolce&Gabbana брендине таандык делген жашыл түстөгү көйнөктүн баасы 199,1 миң сом. 

C:\Users\Bolot\Downloads\D&G.png

Ал эми Dolce&Gabbana сумкасы (сүрөттө куюп койгондой окшош, эки жыл мурун жүктөлгөн) кеминде 513,3 миң сомду түзөт. 

Соңунда

Биз сүрөт аркылуу аныктоого мүмкүн болгон гана буюмдардын баасын эсептедик. Мындан тышкары, соцтармактарга эс алуу учурундагы көптөгөн сүрөттөр жүктөлгөн. Анын ичинде Дубайдагы беш жылдыздуу мейманканада эс алуу, Германиядагы сейилдөө, ресторандардагы, яхтадагы эс алуу учурунда чыккан жана башка сүрөттөр бар.

Бул чыгымдар макалада чагылдырылган жок. 

Тасмада Райымбек Матраимовдун уулу Челси-Манчестер Юнайтед футбол матчын Англиядагы VIP орундукта көрүүдө.  Бул жердеги бир орундуктун баасы 1800 фунт стерлинг  же 167 миң сомду чапчыйт. 

Аманда Тургунова Бириккен Араб Эмираттарына көп каттайт. Сүрөттө ал Перс булуңунун яхта менен кыдырууда.  

Төмөндө Матраимовдун жубайынын буюмдарынын тизмеси жана аларга окшош делген буюмдардын ачык булактардан алынган баасы.

Сааттар
сом
Chanel Premiere chain watch
1 397 000
Ballon bleu de Cartier watch
1 376 045
Rolex Yellow gold ledi watches
2 315 528
Bulgari змейка
978 642
Hublot Gold White Diamonds
2 656 314
IMPERIALE36 MM, QUARTZ, ROSE GOLD, STAINLESS STEEL, DIAMONDS
1 236 345
Chapard Happy sport
1 299 210
Hublot (сына) aerofusion
1 149 516
жалпысынан сааттарга
12 408 600
зергер буюмдар

Cartier Love 4 Diamants
792 234
Cartier Love 4 Diamants
303 848
Tiffany Classic™Milgrain Wedding Band Ring 2 шт
213 043
жалпысынан зергер буюмдарга
1 309 124
кийим-кече

DOLCE&GABBANA two ton Lace gown black
419 868
DOLCE&GABBAN off shoulder polka-dot dress
117 418
Women’s Brown Off-the-shoulder Leopard-print Dress
104 426
Dolce&Gabbana Designer Shirts
69 710
Dolce&GabbanaWomen’s Tie-Neck Rose-Print Gathered Blouse
39 605
Dolce&Gabbana Carretto-print textured
139 281
Gucci Sylvie Small Blue New Flora Leather Shoulder Bag
180 912
Dolce&Gabbana джемпер с ключами
18 371
Dolce&Gabbana Floral-print crepe dress
120 980
Dolce&Gabbana Hydrangea Brocade Cropped Straight-Leg Pants
61 049
Dolce&Gabbana tulip print dress, Women’s, Size: 42, Black, Wool/Silk/Spandex/Elastane
158 909
DOLCE&GABBANALemon print cotton shirt
38 447
Dolce&Gabbana black chamomile silk print dress
388 995
Dolce&Gabbana t.shirt With Leaves Print
53 592
Dolce&Gabbana Lemon Print Smocking Detail Cotton Dress S
21 933
Dolce&GabbanaKnee-Length Dress in BlackNot available in Spain
103 238
Dolce&Gabbanarobe mi-longue imprimée léopard
128 156
Dolce&Gabbana Red polka dot dress list
165 894
Dolce&Gabbana Long dress
186 849
Dolce&Gabbana Green hydrangea pants
61 103
Dolce&Gabbana Green hydrangea stretch silk top
63 005
The Floral Dress That’s Hanging Pretty in Every Star’s Closet
186 849
Dolce&Gabbana jewel embroidered lace midi dress
198 059
жалпысынан кийим-кечеге
3 026 646
унаа

Lexus GX 460 2014 г.
4 795 000
бут кийим

Dior Black Patent Miss Dior Peep Toe Platform Pumps Size 37.5
46398
Dolce&Gabbana Crystal-embellished printed brocade Mary Jane pumps
303 848
Dolce&Gabbana Banana Leaf Leather Block Heel T Strap Sandals
79 978
Dolce&Gabbana majolica pumps shoes sandals
53 924
Valentino Garavani Rockstud sandals in black varnished leather.Platinum-finish studs
50 486
Valentino Pastel Combo Blue/Pink/Yellow Rockstud Triple Strap Sandals
75 089
Valentiono Rockstud Heels Pump patent red
69 501
Valentino Rockstud Watercolor Colorblock Leather Pumps
79 978
жалпысынан бут кийимге
759 202
сумкалар

Dolce&Gabbana — ‘Sicily’ tote — women — Leather — One Size, Red, Leather
303 848
Dolce&Gabbana Handbags
513 328
Women’s Blue Rockstud Lock Shoulder Bag Small London Sky
104626,5
DIOR Miss Dior Promenade Crossbody Clutch Noi
120 389
Dolce&Gabbanasac à main Sicily médium
120 389
Dolce&Gabbana Dau. Leather Bag MISS SICILY Mini Green 05985
54 291
Dolce&Gabbana large Sicily shoulder bag
112 622
Dolce&Gabbana Rockstud Single Handle satchel
160 306
Valentino Garavani Clam lock choulder bag
214 440
Dolce&Gabbana Siclla miss Siclly bag
86 963
Dolce&Gabbana black escape
76 486
жалпысынан сумкага
1 867 686
бардык каражат
24 166 258

ааа http://factcheck.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here