Айтматовдун  сыйлыгына бериле турган 30 миӊ долларды  “оомийин” кылып, Амеркага качып кеткен Аскарбек Шадиевдин  ишкерликтеги былыктарын Римма Иманалиева аттуу ишкер айым ачык айтып чыкты. Ал Бишкекте көп жылдан бери кымбат баалуу пардо сатып, иши жакшы жүрүшүп келген.   2009-жылдары “Бакай банктан” 85 миӊ доллар насыя алып, ал акчага   Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги  муниципиалдык жер тилкесин көп жылга ижарага алып,  дүкөн салып, Art Dekо деп  дүкөн ачкан. Бул үчүн ал 3   бөлмөлүү батирин да саткан.  2012-жылдары рак оорусуна кабылып, ден соолугу начарлай баштаганда ишкерлиги да артка кеткен. Ошол учурда 2003-жылдан бери тааныш болуп келген Аскар Шадиевдин аялы Асел Шадиева менен жолугуп калып, ал Римма айымдын ишкерлигине жардам берүүнү убада кылып, “Артдеко” дүкөнүн күйөөсү Аскар Шадиев менен кошо келип жактырышып, Шадиев Римма айымга ал дүкөндү өзүнүн эски 3 бөлмөлүү батирине алмашууну сунуштаган. Чынында ал батир ишкерлик үчүн  салынган дүкөндүн жарым баасына да чыкпайт эле. Ошон үчүн ал баш тарткан. Бир канча убакыттан кийин Асел Шадиева Римма айымга кайра байланышка чыгып, бизнесине жардам бере турганын айтып,  35 миӊ доллар берген. Ал акчага Иманалиева Түркияга барып пардо сатып келген. Ошол учурда оорусу күчөп кеткендиктен, ишин алдыга жылдыра албай кыйналып жатканда Шадиева дүкөн ичиндеги 35 миӊ долларлык товарды ташып кетип, Рима айымды Мамлекеттик каттоо кызматына чакыртып, “Артдеко” дүкөнүн өздөрүнө каттатууга  мажбурлап, кол койдуруп алышкан. Ошентип, Римма айым, үйүнөн да,  дүкөнүнөн дагы,  анын ичиндеги товардан кол жууп эч нерсеси жок калган. Андан соӊ, Шадиевдер Римма айымга, дүкөндү жана анын ичиндеги товарларды кайра өзүнө сата турганын айтып, баасын 125 миӊ доллар деп баалашкан. Айласы кеткен Иманалиева  “Айыл банка” Артдекону коюп, насыя алууга камынып жаткнада, Шадиева аны “Сага сатпайбыз, билениӊди кылып ал, бул имарат биздики”- деп жолго салып койгон. Римма Иманалиева бул боюнча укук коргоо органдарына 2017-жылы эле арыз жазганы менен иш талапка ылайык каралган эмес. Шадиевдер ал имаратты өзүнүн тааныштарына арзан баага сатып жибергенин айткан. Ал адам да үчүнчү адамга саткан. Бийлик коррупционер, кылмышкерлердин мындай иштерин укук коргоо органдарына тыкыр иликтетип, сыздаган ишкерлерди колдоого алса болмок…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here