Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы Айнура Сулайманованы Ош шаардык сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткону маалым болду. Аталган комиссиянын катчылыгынын маалыматында: Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы судья Айнура Сулайманова баңгизатын мыйзамсыз айлантуу боюнча кылмыш ишин кароодо, соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгын күтпөй эле кылмыш ишин токтотуп, айыпталуучуну психиатриялык ооруканага жөнөтүү чечимин чыгаргандыгы айтылат. Ал эми экинчи инстанциядагы сот Айнура Сулайманованын чечимин жокко чыгарып, иш кайрадан тергөөгө жөнөткөн.Эксперттердин корутундусуна ылайык, айыпталуучу эч кандай психикалык оорулуу болгон эмес.

Айнура Сулайманова өзү дисциплинардык комиссияга келген эмес. Анын кесиптештери прокурордун сунуштамасын канааттандырууну жана аны Ош шаардык сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин чыгарышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here