Жогорку Кеӊештин спикери Дастан Жумабеков «моюнча» айтканда «бүгүнкү күндө» кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 563 сомду түзөрүн Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Chagylgan.kgге тастыктап, буларды билдирди:

Орточо айлыкты чыгаруунун дүйнөлүк стандартка ылайыкташкан ыкмасы бар. Бардык тарамактарда иштеген жумушчулардын айлыктарын кошуп, анан орточо айлык эсептелип чыгат. Ал эми 2019-жылдын январынан тарта октябрына чейин бир айлык орточо эмгек акы 4,2 пайызга көтөрүлгөн. Мисалы, 7-8 миӊ сом айлык иштегендер бар, ошол эле учурда тоо кен тармагында иштегендер, программисттер чоӊ айлык алышат. Ошонун баарын кошкондо орточо айылык жогоруда айтылган көрсөткүч келип чыкты. Биз ар бир айдын айлыгын өз өзүнчө эсептейбиз. Ошон үчүн ар кайсы айдыкы бир аз ар башкача болуп айырмаланат.


Мындан сырткары, Султанов жыл башынан бери расмий катталган жумушсуздардын саны 81,4 миңге жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өскөнүн маалымдады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here