Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин абалы оор деп бааланууда. Бул маалыматты президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканадан билдиришти. Шамшиев ооруканага ноябрь айынын аяк ченинде жаткырылган. Учурда реанимацияда жатат.

Кыргызстандын жана СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 78 жашта. Ал тарткан «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар» жана башка көркөм тасмалар калың элге кеңири белгилүү. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here