Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Матраимовдордун үй-бүлөсү маалымат каражаттарын сотко бергени боюнча билдирүү таратты.

Бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз. Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн ичиндеги жана чет элдик ЖМКлардагы маектеринде да баса белгилеп келет. Президент дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт -деп айтылат билдирүүдө.

Ал президент азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым көрсөтүү аракети катары кабыл алынышы мүмкүн экенин, бардык соттук териштирүү — анын ичинде медиага карата да — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек экенин билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here