Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызы боюнча чечимди карап, канааттандырганы маалым болду.

Судья болу боюнча:

— Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жана бардык тараптардын өтүнүчүн эске алып, сот берилген арызды канааттандырат, — деп билдирген.

Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен анын аялы Уулкан Тургунованын жактоочусу Оксана Жданова үч медиага жана кабарчыга каршы берилген арыз боюнча соттун буга чейин чыгарган чечими мыйзамдуу болгонун айтты. Бирок Матраимовдор банк эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчүн чакыртып алууну чечишкенин билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here