Саясатчы, экс- депутат Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясына айыпталып, Бишкек ШИИББге камакка алынды. Маалым болгондой ал 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Жээнбеков Ички иштер министрлигине суракка чакырылган. Ал жерде бул окуя боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Кыяс Смаилов менен беттештирилген. Мындан соң Жээнбековго шектүү катары ИИМдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жогорку Кеңеш кечээ Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун уккан. Анын жүрүшүндө айрым депутаттар Равшан Жээнбековдун жоопкерчилигин кароого чакырган. Чынында Жээнбеков Кой-Таш окуясын уюштурууда орчунду деле фигура эмес. Анын артынан эл деле ээрчибейт. Ал Акаев учурунда Мамлекеттик мүлктү башкарып, Кыргызстандын аймагында 300дөн ашуун завод-фабрика, ар кандай ишкана, имараттарды ит бекер менчиктештирүүгө даӊгыр жол ачып, өзү да Ысык-Көлдө, Таласта эс алуучу жайларды, Бишкекте бир канча имараттарды менчиктеп алганы менен элге кеӊири белгилүү. Аны мына ушул коррупция маселеси менен камакка алып, кустуруса эл ыраазы болмок. Ошондой эле ал Американын акырынан жем жегендердин ана башында турат. Бийлик Жээнбеков Кой-Таш эмес, дал ушул коррупция менен камаса аброй топтомок… Деги далилдер толтура…

Бул ишти Бакиев да, Отунбаева да, Атамбаев да кыла алган эмес. Эми азыркы президент кылса, чоӊ иш жасаган болмок…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here