«Азаттык» медиасы Кыргызстандан кандай жолдор менен сыртка мыйзамсыз акчалар, өлкөбүздүн каржы капиталы суудай агылып жатканын ачык көргөздү. Бажычылар жана жеке ишкерлер кантип мыйзамды буйтап сыртка акча ташып жатканын алаканга салгандай ачыктады. Мамлекет жылына миллиарддаган акчадан куржалак калып жатканы айкын билинди. Айеркен Саймаити өлөөрүн билип, бардык картаны ачып бериптир. Ал тургай акча ташып жүргөн курьер, өлкөдөгү таасирдүү бажычы жана коррупцияга шектелген адамдын жакындарынан бери ачык айтып берди. Бул мамлекеттик деңгээлдеги «ЧП» болсо да бийлик эч бир реакция кылбай отурат.

Мына, кечээ жакында Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоков өз эрки менен келип, УКМК абагына жатып берди. Бул башкы күбөлөрдүн бири. Анткени Айеркен Саймаити менен жакын байланышта болуп, анын Кыргызстандан чыгарып жаткан каржы операцияларын билип турган фигура болгон. Башкы консулдун кийлигишүүсүз андай аракеттер ишке ашкан эмес. Дипломатиянын жалпы эрежелерине ылайык дипномерлүү машиналар текшерилбей турганын эске алсак, анда Стамбулга жеткен акчалар дал ушул консулдун машинасы менен жетчү жерине жетип турган. Демек, коррупциялык схемаларда бул кишинин да тикелей тиешеси болушу мүмкүн. Маселе башкада.

«Азаттыктын» акыркы чыгарылышы да чоң чуунун башаты болду. Эми бул жерде ашыкча маалымат чыгып кетпеши үчүн бул кишинин көзүн тазалап коюу ыктымалдыгы бар. Түркиянын жүрөгү болгон Стамбулда чаламандын чак түшүндө Айеркен Саймаитини атып кетип жаткандарга Сопоковдун көзүн тазалоо алар үчүн маселе эмес.

Ушул жерден бир тыянакка келишибиз керек. Эгер бийлик чындап коррупция менен күрөшкүсү келсе, анда Эркин Сопоковдун маалыматтары менен тиешелүү кишилерди камайт, болбосо бийлик менен коррупциянын биргелешкен «махабаты» үстөмдүк кылып, анын көзүн тазалашат. Башка жол жок…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here