Жогорку Кеңештин “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбековду коштоп Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) учуп кеткени коомчулукта сынга алынууда. Ал эми РАЖ болсо аны фракциянын тапшырмасы менен кеткенин билдирди. Депутаттын фракциядагы кесиптештери Рысалиев БАЭ, Сауд Арабиясы, Катар жана башка бир катар араб өлкөлөрү менен парламент аралык достук тобунда “Республика — Ата Журттан” мүчө экенин жүйө кылышкан. Ырысалиевдин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө жок экенин бүгүн Ички иштер министрлиги расмий кабарлады. ИИМдин маалыматында: “2-ноябрда адвокаттын «Рысалиев чет жакта дарыланышы керек» деген өтүнүчү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы анын ден соолугунун абалын жана дарылануу зарылчылыгын эске алып Кыргызстандан тыш жакка чыгуусуна чектөөнү алып салган” деп айтылат. Рысалиевдин Кытайга барып дарыланып келгени да айтылууда

Рысалиев Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант экени маалым. Депутат август айында үй камагында калтырылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here