Милиция өзү менен бирге жашаган адамына бычак урду деп шектелген келинди колго түшүрдү. Бул туурасында Октябрь райондук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бычак жеген бейтап тууралуу маалымат милицияга 10-декабрь күнү саат 13:50дө Улуттук госпиталдан түшкөн. Анда Т.А. аттуу эркек кишиге «теринин үстүнөн кесилген жаракат» деген диагноз коюлганы белгилүү болгон.

Октябь райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу бейтапка аны менен чогуу жашаган кыз бычак шилтегенин аныктаган. Алардын чатакташа кеткени белгилүү болгон.

Подозреваемая в нанесении ножевого ранения своему сожителю
кармалган шектүү

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here