Жалпыбызга маалым болгондой бүгүн улуттук адабият күнү, мындайча айтканда салтанаттуу майрамы. Себеби, Улуттук адабиятыбыздын түптөлгөнүнө  быйыл туура 85 жыл болуп олтурат. Айта кетчү жагдай бүгүн жеке эле кыргыз эли эмес, бүтүндөй дүйнө эли суктанып, сыймыктанган Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнү болсо, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы, улуу акын Алыкул Осмондун дүйнө салган күнү.  Чынында кыргыз адабиятына мамлекетибиз тарабынан союз урагандан бери көзгө уруна тургандай колдоо болгон жок. Байкуш жазуучу –акындарыбыз чыгармасын миӊ түйүшүк менен жазганы аз келгенсип, кайра аны басмаканадан китеп кылуу чыгаруу да өзүнчө бир чоӊ түйүшүк. Ал эми сатып элге жеткирүү жагынын машкатын биз айтпасак да сиздер абдан жакшы билесиздер. Мына ушундай кырдаалда азыдыр-көптүр болсо да адабиятыбызды, чыгармачыл адамдарыбызды материалдык  жактан колдоп, аларга сый-урматын көрсөтүп келаткан мекенчил исандарыбыз бизде өтө деле көп эмес. Алардын катарында Жогорку Кеӊештин депутаты Махабат Мавлянова айым да бар.  Бүгүнкү адабият күнүнө карата Махабат айым бизге  бул маанилүү майрам тууралуу ойлорун учкай айтып берди.  

М. Мавлянова: Бекеринен “Көп түкүрсө көл болот” – деп айтылбайт да. Көпчүлүк колдоого алышса эле, өсүү сөзсүз болот. Бүгүн адабият күнүнө  арнап, мен дагы ...

Махабат айым, бүгүн белгиленип жаткан улуттук адабият күнү боюнча кандай пикир айтасыз?

-Адабият   жалпы маданиятыбыздын эӊ негизги орчунду бөлүгү, алтын тамыры деп айтсак жаӊылышпайбыз. Чынында мамлекетибизди адабиятсыз, маданиятсыз элестетүүгө болбойт. Тилекке каршы, бир топ жылдан бери  кыргыз адабияты бийик деӊгээлде өсүшкө жете албай жатат. Себеби, бюджетибиз тартыш болуп жатпайбы. Ошондой болсо да акын-жазуучуларыбыз, жалпы эле чыгармачыл адамдарыбыз өз арбайларын өздөрү согуп,  аракет кылып келатат. Алардын аракетине мамлекетибиз көз жаздымда калтырбай, аздан болсо да колдоого алышы зарыл. Биз улуттук адабиятыбызды ушул деӊгээлге жеткиришкен, адабияттын, элдик оозеки чыгармчылыктын көч башында турушкан алп манасчыларыбыз, айтылуу ак таӊдайлар: Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Жеӊижок, Токтогул, Калык, Коргоол, Барпы ж.б. андан кийики жазуучу -акындарыбыз Чыӊгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев  ж.б  улуттук сыймыктарыбызга качан болсо таазим кылып, алардын баа жеткис мурастарын кийинки муундарга жайылтууга милдеттүүбүз.

Азыр да арабызда мыкты  чыгарма жазып жатышкан улуу муун, орто муун, кичүү мундун акын жазуучулары көп колдоого муктаж болуп келишет. Мына ошол инсандарыбызга да мамлекеттик деӊгээле шарт түзүп берсек жакшы болот эле. Талапка ылайык шарттар түзүлсө,  дагы да болсо эл ичинен Айтматов, Алыкул  аталарыбыздай чоӊ таланттар чыгарына ишенем.

-Сиз да жеке өзүӊүз  колдоп жүргөнүӊүздү угуп калабыз…

-Ооба, ар кимибиз аз да болсо адабиятты колдоого салым кошушубуз керек деп ойлойм. Буга чейин Рыспай Сулайманов, Тазагүл Закирова, Үмүтай Эралиева, Эшполот Өсөров ж.б. калемгерлерибиздин чыгармачылыгын колдоп, алардын китептерин жарыкка чыгарууга көмөк көрсөттүм. Бекеринен “Көп түкүрсө көл болот” – деп айтылбайт да. Көпчүлүк колдоого алышса эле, өсүү сөзсүз болот. Бүгүн адабият күнүнө  арнап, мен дагы Жазуучулар союзунун төрагасынын сунушун колдоп, биздин урматтуу акын-жазуучуларыбызга сый – тамак уюштуру у менен бирге  өзүбүздүн чакан белек-бечкектерибизди берип, жылуу сөздөрүбүздү айтып, аларга  ыраазычылык билдирдик. Албетте, биздин бул көрсөткөн сыйбыз аздык кылат. Себеби алар адабиятка ат көтөргүс асыл эмгектерди жасашты да. Ошентсе да баарыбыз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша колдогондон качпашыбыз зарыл.  

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here